17-статья. Эмгек келишими (контаркт)
Күчүндө · 10.07.2025 редакциясы
Эмгекчи-мигранттын чарба жүргүзүүчү субъект менен эмгектик мамилелери эмгек келишими (контракт) менен жол-жоболоштурулат, ал жазуу жүзүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилинде жана эмгекчи-мигранттын эне тилинде же ал түшүнгөн тилде түзүлөт жана төмөнкүдөй маалыматтарды:
- эмгек келишими түзүлгөн датаны жана жерди;
- кызматкердин аты-жөнүн жана иш берүүчү-юридикалык жактын толук аталышын, анын жайгашкан жерин, уюштуруу документтеринин номерин жана мамлекеттик катталган датасын;
- эмгек келишиминин күч-аракетинин мөөнөтүн, акы төлөнгөн иштин мүнөзүн жана ордун, эмгек жана ага акы төлөө шарттарын, анын ичинде түнкү, убакыттан ашыкча, дем алыш жана майрам күндөрдөгү иш үчүн акы төлөөнү;
- сыйакылардын, кошумча акылардын жана эмгек акыдан кармоонун өлчөмүн;
- тараптардын укуктарын, милдеттерин, жоопкерчиликтерин, эмгек келишимин (контрактты) бузуунун же узартуунун тартибин жана шарттарын;
- эмгекчи-мигранттын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн баруусун, тамак-ашын, жашоосун, медициналык жактан тейлөөнү уюштурууну;
- эмгекчи-мигрантты социалдык жана медициналык камсыздандыруунун тартибин жана шарттарын;
- акы төлөнүүчү эмгектик иш-аракет процессинде эмгекчи-мигранттын саламаттыгына келтирилген зыяндын ордун толтуруунун тартибин жана башка социалдык кепилдиктерди камтууга тийиш.
Чарба жүргүзүүчү субъект эмгекчи-мигрант менен түзүлгөн эмгек келишимин (контрактты) миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик органда каттоого милдеттүү. Эмгек келишиминин (контракттын) бир нускасы эмгекчи-мигрантка ал ишке орношуучу мамлекетке кеткенге чейин тапшырылат. Эмгек келишиминин (контракттын) шарттары иш берүүчү тарабынан бузулганда миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган эмгекчи-мигрантка ага тиешелүү жеңилдиктерди жана компенсацияларды алууда, эмгек келишимин мөөнөтүнөн мурда бузууда жана жөнөтүүчү мамлекетке чарба жүргүзүүчү субъекттин эсебинен кайтып келүүгө көмөк көрсөтөт. Кыргыз Республикасынын жараны болгон, эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу үчүн чет өлкөгө кеткен эмгекчи-мигрант менен эмгек келишиминин шарттары чет өлкөлүк иш берүүчү тарабынан бузулган учурда эмгекчи-мигрант Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине кайрылууга укуктуу, ал анын укуктарын, анын ичинде тиешелүү жеңилдиктерди жана компенсацияларды алуу, эмгек келишимин (контрактты) бузуу жана эмгекчи-мигранттын (жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн) Кыргыз Республикасына кайтып келүү укуктарын коргоо боюнча чара көрөт. IV глава Эмгекчи-мигранттардын укуктарынын кепилдиктери
Берененин тексти 10.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1792/st-17" title="17-статья - Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>