# 16-статья. Эмгекчи-мигранттардын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1792)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-январындагы № 4 "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1717/edition/1264745/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1792/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө, 16-статья (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-16

---

Эмгекчи-мигранттар иш берүүчү мамлекетте эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында:

- аткарылуучу иштин, эмгек акынын шарттары менен таанышуу, иш берүүчү менен эмгек контракттарын (келишимдерин) түзүү жана эки мамлекеттин тең мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка маселелерди жөнгө салуу;

- иш берүүчү мамлекеттеги келген жери, турак-жай жана башка шарттары боюнча маалымат алуу;

- өзүнүн укуктарын жана эмгектик иш-аракет эркиндигин коргоо үчүн иш берүүчү мамлекетте жайгашкан дипломатиялык же консулдук мекемелерге кайрылуу укугуна ээ болот.

Эмгекчи-мигранттар:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын иш берүүчү мамлекетте болуусунун эрежелерин сактоого;

- эмгек келишиминин (контракттын) же иш аткаруу (кызмат көрсөтүү) жарандык-укуктук келишиминин шарттарын сактоого;

- эмгек келишиминин (контракттын) же иш аткаруу (кызмат көрсөтүү) жарандык-укуктук келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин, ошондой эле ал мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда, эгерде иштеген мезгилинде иш берүүчү мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ошол аймакта андан ары болууга мүмкүндүк берген жагдайлар келип чыкпаса, ишке орношуусу мамлекеттин чегинен тышка чыгып кетүүгө;

- иш берүүчүнүн талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген үлгүдөгү медициналык күбөлүгүн берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-17)
