# 14-статья. Барып-келип (чегарага танапташ) эмгектенүү миграциясы

- Документ: [Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1792)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-январындагы № 4 "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2020 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, законы Кыргызской Республики "О внешней трудовой миграции", "О внешней миграции")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112049)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1792#diff=1264750..1264751>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1717/edition/1264745/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1792/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө, 14-статья (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-14

---

Мамлекет экономикалык, илимий-техникалык, маданий-агартуучулук байланыштарды өнүктүрүү кызыкчылыктарында Кыргыз Республикасы менен коңшу мамлекеттердин чегарага танапташ аймактарынын ортосунда жумушчу күчүн алмашууга көмөк көрсөтөт. Чегарага танапташ эмгекчи-мигранттардын укуктук абалы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат. Чегарага танапташ эмгек-мигранттары Кыргыз Республикасынын аймагында акы төлөнүүчү жеке эмгектик иш-аракетин визасыз режимдин колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде, Кыргыз Республикасынын салык салуу жана тышкы эмгек миграциясы чөйрөлөрүндөгү мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жалданма жумушчуларды жалдоого укуксуз жеке эмгектик иш-аракетине патенттин негизинде жүзөгө ашырат. Чегарага танапташ эмгекчи-мигранттарга эмгек миграциясына квота жайылтылбайт. Кыргыз Республикасына жеке эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында келген чегарага танапташ эмгекчи-мигранттарга визасыз режимдин колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде эмгек визасын алуу талап кылынбайт. Чегарага танапташ эмгекчи-мигранттын колдонуудагы жеке эмгектик иш-аракетине патенти болгон шартта миграция жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү уруксат документтерсиз аларды жалданма жумушка тартууга укуктуу жеке адамдар чегарага танапташ эмгекчи-мигранттарга жумуш берүүчү боло алат. Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер чегарага танапташ эмгекчи-мигранттарга жумуш берүүчү боло алышпайт. (КР 2020-жылдын 26-июнундагы № 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

III глава Чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана эмгекчи-мигранттардын укуктары жана милдеттери

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-15)
