# 12-статья. Эмгекчи-мигранттардын чыгып кетүүсүнүн тартиби

- Документ: [Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1792)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-январындагы № 4 "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1717/edition/1264745/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1792/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө, 12-статья (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-12

---

Эгерде эл аралык келишимдерде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле иш берүүчү мамлекеттин мыйзамдарында башкача тартип белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын акы төлөнүүчү иш алуу үчүн анын чегинен тышкары кетип бараткан жарандарынын чет өлкөлүк иш берүүчү менен түзүлгөн эмгек келишими (контракт) жана иш берүүчү мамлекеттин, анын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан, ал эми алар жок болгон учурда - башка өлкөлөрдүн атайын ыйгарым укук берилген өкүлчүлүктөрү тарабынан берилген визасы болууга тийиш. Эмгекчи-мигранттарды тартуунун тартиби, аларга карата коюлган жаш курактык жана башка талаптар ишке орношуучу мамлекеттин мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде жөнгө салынат. Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын жарандарынын алардын эмгектик иш-аракеттерин жүзөгө ашыруулары үчүн Кыргыз Республикасынан эркин чыгып кетүү укугун чектеген ченемдик актылар чыгарылышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-13)
