# 1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр менен терминдер

- Документ: [Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1792)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-январындагы № 4 "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 30 июня 2023 года № 129 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О внешней миграции", "О внешней трудовой миграции", "О правовом положении иностранных граждан в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112616)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.06.2023 [Закон Кыргызской Республики от 30 июня 2023 года № 129 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О внешней миграции", "О внешней трудовой миграции", "О правовом положении иностранных граждан в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112616); 26.06.2020 [Закон КР от 26 июня 2020 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, законы Кыргызской Республики "О внешней трудовой миграции", "О внешней миграции")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112049); 14.03.2018 [Закон КР от 14 марта 2018 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О внешней трудовой миграции", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О государственной пошлине")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111762)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1792#diff=1264752..1264753>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1717/edition/1264745/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1792/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө, 1-статья (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-1

---

Эмгекчи-мигрант - жөнгө салынган статуска ээ жана өзү жараны болбогон мамлекетте эмгектик иш-аракетин жүргүзгөн адам. Тышкы эмгек миграциясы - эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамдуу негизде анын чегинен ыктыярдуу тышка кетүүсү, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына келүүсү. Барып-келип (чегарага танапташ) эмгектенүү миграциясы - жөнөтүүчү мамлекеттин аймагында туруктуу жашаган шартта эмгек иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын чектеш мамлекеттин аймагына туруктуу барып туруусу жана чектеш мамлекеттин жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагына келүүсү. Иш берүүчү - ишке орношкон мамлекетте жумуштарды аткарууга (кызмат көрсөтүүтө) эмгек келишиминин (контракттыы) же жарандык-укуктук келишимдин шарттарында иш берген же өз ишин жүзөгө ашырган жеке же юридикалык жак. Жөнөтүүчү - Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө өздөрүнүн эмгектик иш-аракеттерин жүзөгө ашыруусу үчүн жөнөтүүгө байланышкан иш жүргүзгөн жеке же юридикалык жак. Эмгектик иш-аракет - жалданма жумуш, башка акы төлөнүүчү жумуш, ошондой эле жалданма жумуштан айырмаланган, эреже катар, контракттын, келишимдин же жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга квотанын негизинде же мамлекеттин мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлүп күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык өз алдынча иштеген эмгекчинин жашоосу үчүн каражатты камсыз кылган иш. Мыйзамсыз эмгек миграциясы - чет өлкөлүк адамдардын жана жарандыгы жок адамдардын улуттук мыйзамдарда белгиленген ишке орношуу тартибин жана эрежелерин бузуу менен Кыргыз Республикасында эмгектик жана кесиптик иш-аракетин жүзөгө ашыруусу. Мыйзамсыз эмгекчи-мигрант - чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата улуттук мыйзамдарда белгиленген ишке орношуунун тартибин жана эрежелерин бузган адам. Чегарага танапташ эмгекчи-мигрант - чектеш мамлекетте өзүнүн туруктуу жашаган жерин сактаган, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимге ылайык ага карата визасыз режим колдонулган, жеке эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына мезгил-мезгили менен кирип турган жана чектеш мамлекетке визасыз режимдин колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде жок дегенде бир жолу кайтып келген танапташ мамлекеттин жараны. Жөнөтүүчү мамлекет - эмгекчи-мигрант туруктуу жашаган жана андан эмгектик иш-аракетти жүзөгө ашыруу максатында башка мамлекетке чыгып кеткен мамлекет. Ишке орношуучу мамлекет - эмгекчи-мигрант эмгектик иш-аракетин жүргүзгөн мамлекет. Үй-бүлө мүчөлөрү - эмгекчи-мигрант менен никеде турган адам, ошондой эле анын багуусундагы балдары жана иш берүүчү мамлекеттин мыйзамдарына ылайык үй-бүлө мүчөлөрү деп таанылуучу башка адамдар. Жөнгө салынган статус - ишке орношуучу мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ишке орношуучу мамлекеттин аймагында болууга жана акы төлөнгөн эмгектик иш-аракетти жүзөгө ашырууга уруксаттын болушу. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчтөрүн тартуу жана пайдалануу квотасы - Кыргыз Республикасынын эмгек рыногундагы абалга жараша эмгектик иш-аракетти жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын санынын жогорку чеги. Жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адис - эгерде аларды Кыргыз Республикасында эмгектик иш-аракетине тартуунун шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу критерийлерге ылайык келсе, конкреттүү иш жаатында жогорку билими, иш тажрыйбасы, көндүмдөрү жана жетишкендиктери бар чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам. Чет өлкөлүк адис - иш берүүчү тарабынан тартылган жана эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу үчүн тийиштүү билими, зарыл болгон квалификациясы бар чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам. Чет өлкөлүк жеке ишкер - Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органы тарабынан берилүүчү патенттин негизинде уюм түзбөстөн жеке ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам. (Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 14-мартындагы № 29, 2020-жылдын 26-июнундагы № 64, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1792/st-2)
