# Биринчи май айылдык кеңешинин 2023-жылдын 21-июлундагы № 138 "Биринчи Май айыл өкмөтүнө жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүү жана сатууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Биринчи май айылдык кеңешинин 2023-жылдын 21-июлундагы № 138 "Биринчи Май айыл өкмөтүнө жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүү жана сатууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/179178>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15163/edition/1289402/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/179178.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Биринчи май айылдык кеңешинин 2023-жылдын 21-июлундагы № 138 "Биринчи Май айыл өкмөтүнө жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүү жана сатууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (21.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/179178

---

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

айылдык кеңештин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы 2023-жылдын 21-июлу № 138 Биринчи Май айыл өкмөтүнө жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүү жана сатууга макулдук берүү жөнүндө Биринчи Май айыл өкмөтүнө жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жана сатууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 2-беренесинин 25-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-пунктунун 11-пунктуна "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" жана бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар жана мандат боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде 2023-жылдагы 17- июлундагы №14, Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясы, -

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Ак-Суу айылындагы, Ипподромная көчөсү н/ж дареги боюнча жайгашкан Ипподром көчөсүнүн № 12 к чыгыш тарабындагы, аянты 7238.0 ч.м. өнөр жай багытындагы жер участогун Биринчи Май айыл өкмөтүнө мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүүгө макулдук берилсин жана ачык тоорук (аукцион) жолу менен сатууга макулдук берилсин.

2. Токтомду жана бекитүү актысын даярдоо, ошондой эле тийиштүү документтерди "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Москва филиалында Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 25-беренесине ылайык каттоодон өткөрүү Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековко жүктөлсүн.

Биринчи май айылдык кеңешинин төрагасы

Н.И. Акматалиев
