# Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2023-жылдын 26-июлундагы № 27/94 "Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин аппаратына 1 штаттык бирдик бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2023-жылдын 26-июлундагы № 27/94 "Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин аппаратына 1 штаттык бирдик бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27/94
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/179154>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15140/edition/1288882/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2023-жылдын 26-июлундагы № 27/94 "Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин аппаратына 1 штаттык бирдик бөлүп берүү жөнүндө" токтому (26.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/179154

---

КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2023-жылдын 26-июлу № 27/94 Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин аппаратына 1 штаттык бирдик бөлүп берүү жөнүндө Күн тартибиндеги маселени талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №452 токтомуна, шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2023–жылдын 21-июнундагы № 49 протоколуна негиз, Кызыл-Кыя шаардык статистика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Алимовдун 2023-жылдын 30-майындагы №01-08/60 катында көрсөтүлгөндөй Кызыл-Кыя шаарынын калкынын саны 60 миң адамдан ашкандыгын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №452 токтомуна негиз 2023-жылдын 1-августунан тартып Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин аппаратына кошумча 1(бир) штаттык бирдик (жетектөөчү адис кызматы) бөлүнүп берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Ж.Калматов
