Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин «Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин аппаратына 1 штаттык бирдик бөлүп берүү жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2023-жылдын 26-июлу № 27/94 Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин аппаратына 1 штаттык бирдик бөлүп берүү жөнүндө Күн тартибиндеги маселени талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №452 токтомуна, шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2023–жылдын 21-июнундагы № 49 протоколуна негиз, Кызыл-Кыя шаардык статистика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Алимовдун 2023-жылдын 30-майындагы №01-08/60 катында көрсөтүлгөндөй Кызыл-Кыя шаарынын калкынын саны 60 миң адамдан ашкандыгын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №452 токтомуна негиз 2023-жылдын 1-августунан тартып Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин аппаратына кошумча 1(бир) штаттык бирдик (жетектөөчү адис кызматы) бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Ж.Калматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №452 "Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарларынын шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин…Постановление · 05.08.2011 · № 452 · Күчүн жоготкон