# Раззаков шаардык кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 5 "Мырза-Патча айыл аймагынын, Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айыл аймактарынын жашоочуларынын жергиликтүү салыктардын кээ бир түрлөрүнөн бошотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Раззаков шаардык кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 5 "Мырза-Патча айыл аймагынын, Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айыл аймактарынын жашоочуларынын жергиликтүү салыктардын кээ бир түрлөрүнөн бошотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/179139>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/179139/edition/1288504/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Раззаков шаардык кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 5 "Мырза-Патча айыл аймагынын, Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айыл аймактарынын жашоочуларынын жергиликтүү салыктардын кээ бир түрлөрүнөн бошотуу жөнүндө" токтому (14.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/179139

---

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XII СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы) 2022-жылдын 14-апрели №5 Мырза-Патча айыл аймагынын, Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айыл аймактарынын жашоочуларынын жергиликтүү салыктардын кээ бир түрлөрүнөн бошотуу жөнүндө Раззаков шаарынын мэриясынын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы №311-Р буйругунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы №547 буйругунун негизинде жана 2021-жылдын 10-сентябрындагы №113 Баткен областынын өзгөчө макамы жөнүндөгү мыйзамына ылайык Мырза-Патча айыл аймагынын, Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айыл аймактарынын жашоочуларынын жергиликтүү салыктардын кээ бир түрлөрүнөн бошотуу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мырза-Патча айыл аймагынын жашоочуларынын айыл чарбасына арналган жер салыгынан, айыл чарбасына арналбаган жер салыгынан жана соода түйүндөрдөн 2-топтогу мүлк салыгынан бошотулсун.

2. Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айыл аймактарынын жашоочуларынын айыл чарбасына арналган жер салыгынан бошотулсун.

3. Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Б.Т.Сапаев
