# Шарк айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 31-майындагы № 1 «Жер аянтын трасформациялоо макулдук берүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Шарк айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 31-майындагы № 1 «Жер аянтын трасформациялоо макулдук берүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 31.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/179118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15117/edition/1287778/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шарк айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 31-майындагы № 1 «Жер аянтын трасформациялоо макулдук берүү жөнүндө” токтому (31.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/179118

---

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кыргыз Республикасы, Ош облусу , Кара-Суу району Шарк айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезексиз ХVIII сессиясы

2023-жылдын 31-майы № 1

«Жер аянтын трасформациялоо макулдук берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15 июлундагы «Жер участокторун которуу (трасформациялоо) жөнүндө №145 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014–жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “«Жер участокторун которуу (трасформациялоо) тартиби жөнүндө убактулуу жобонун талаптарына жана Кара-Суу райондук администрациясынын 24 май 2023-жылдагы берилген он корутундусун жана Ош шаарынын тургуну К.Озубековтун арызын карап чыгып жана талкуулап, Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХVIII- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шарк айыл өкмөтүнүн Шарк айылынын 364-контурунда жайгашкан Озубеков Каныбектин жеке менчик 6,85 га сугат айдо жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын индистриалдык-логистикалык борбор куруу учун “Өнор жайынын, траснпорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин;

2. Кыргыз Республикасынын 2013 – жылдын 15-июндагы “Жер участокторун которуу (трасформациялоо) жөнүндө №145 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014–жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “«Жер участокторун которуу (трасформациялоо) тартиби жөнундө убактылуу жобонун талаптарына ылайк тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин;

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Шарк айылдык Кеңешинин «Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына» тапшырылсын.

Төрага

С. Абзалов
