# 9-статья. Атайын наамдарда кызмат өтөө мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1791)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 9-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 102 "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2013 года № 95 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов и учреждении уголовно-исполнительной системы Министерства юстиции Кыргызской Республики»](https://aqlex.ai/kg/doc/203903)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791#diff=960998..960999>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1716/edition/960996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1791/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө, 9-статья (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-9

---

1. Кенже жетекчи курамдагы наамдар боюнча өтөгөн жылдардын мөөнөттөрү төмөндөгүдөй белгиленет:

- ички кызматтын кенже сержанты, ички кызматтын сержанты наамында - 1 жыл;

- ички кызматтын улук сержанты наамында - 2 жыл;

- ички кызматтын старшинасы наамында - 3 жыл;

- ички кызматтын прапорщиги наамында - 4 жыл.

2. Ички кызматтын катардагысы, ички кызматтын улук прапорщиги наамдары боюнча кызмат өтөгөн жылдарга мөөнөт белгиленбейт.

3. Офицердик курамдагы адамдардын наамдар боюнча кызмат өтөгөн жылдардын мөөнөттөрү төмөндөгүдөй белгиленет:

- ички кызматтын кенже лейтенанты наамында - 1 жыл;

- ички кызматтын лейтенанты наамында - 2 жыл;

- ички кызматтын улук лейтенанты наамында - 3 жыл;

- ички кызматтын капитаны наамында - 4 жыл;

- ички кызматтын майору наамында - 5 жыл;

- ички кызматтын подполковниги наамында - 6 жыл.

4. Ички кызматтын полковниги наамында кызмат өтөө мөөнөтү ушул берененин экинчи абзацында каралган учурларды кошпогондо, белгиленбейт.

"Ички кызматтын генерал-майору" жогорку атайын наамы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын кызматын ээлеген адамга 6 айдан эрте эмес, ал эми жогорку атайын наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган башка кызматтарды үзгүлтүксүз ээлегендерге - алар дайындалган күндөн тартып 2 жылдан эрте эмес ыйгарылат. "Ички кызматтын полковниги" атайын наамына ээ болгон жана штаттык категориялары жогорку атайын наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган кызмат орундарына дайындоого чейин саясий жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлегендердин саясий жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мөөнөтү "Ички кызматтын генерал-майору" жогорку атайын наамын ыйгарууга каралган мөөнөткө эсептелинет.

5. Кызмат өтөө мөөнөтү наамды ыйгаруу жөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн тартып эсептелет. Жетекчи курамдагы адамдардын төмөндөтүлгөн наамда жүргөн убагы калыбына келтирилген наамда кызмат өтөө мөөнөтүнө кирбейт.

6. Оор кылмышты ачкандыгы же токтоткондугу жана бул учурда эрдик жана каармандык көрсөткөндүгү, ошондой эле кызматтык ишинде башка жогорку көрсөткүчтөрү үчүн аттестацияланган курамдын адамдарына мурунку наамда белгиленген кызмат өтөө мөөнөтүнүн жарымынан кем эмеси өткөндө, башкача айтканда мөөнөтүнөн мурда же мурунку наамдан бир жарым мөөнөтү өткөндө жазык-аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган наамдан бир даражага жогору кезектеги атайын наам ыйгарылат.

7. Ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган атайын наамды мөөнөтүнөн мурда же бир баскычка жогору ыйгаруу Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөөнүн бүткүл мезгили ичинде бир гана жолу жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Президенти ыйгарууларды жүргүзгөн учурларды кошпогондо, ушул негиздер боюнча наамдардын бир учурда ыйгарылышына жол берилбейт.

8. Пенсия чектөөдө эске алынуучу 20 жылдык жана андан ашуун кызмат өтөгөн жылдары бар, ыйгарылган наамында белгиленген мөөнөттөгү кызматын өтөгөн жана жакшы аттестацияланган офицердик курамдын адамдарына аларды курагы же оорусу боюнча кызматтан бошотуу менен ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган наамына карабастан, ички кызматтын подполковнигине чейинки кезектеги наам Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан ыйгарылышы мүмкүн.

(КР 2013-жылдын 8-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-10)
