# 7-статья. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине атайын наамдарды ыйгаруунун жалпы шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1791)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 9-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 102 "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2013 года № 95 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов и учреждении уголовно-исполнительной системы Министерства юстиции Кыргызской Республики»](https://aqlex.ai/kg/doc/203903)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791#diff=960998..960999>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1716/edition/960996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1791/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө, 7-статья (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-7

---

1. Кызматкерлерге атайын наамдар алардын квалификациясын, билимин, кызматка болгон мамилесин, иштеген жылдарын жана ээлеген штаттык кызмат ордун, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка шарттарды эске алуу менен жекече ыйгарылат.

Кызматкерлерге ыйгарылуучу атайын наамдар алгачкы жана кезектеги болуп бөлүнөт.

2. Катардагы жана кенже жетекчи курамдын кызматкерлерине алгачкы атайын наамдар кызматтарды комплекттөө номенклатурасына ылайык наамдарды ыйгаруу укугу берилген органдын же мекеменин жетекчиси тарабынан ыйгарылат.

3. Ортоңку жана улук жетекчи курамдын кызматкерлерине алгачкы атайын наамдар жазык-аткаруу тутумунун кадрларынын катарына киргизүү менен жазаларды аткаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан ыйгарылат.

4. Аттестацияланган курамдын адамына ички кызматтын полковнигине чейинкини камтыган наамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте ыйгарылат. Жогорку жетекчи курамдын наамдары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.

5. "Ички кызматтын кенже лейтенанты" деген алгачкы атайын наам запастагы "кенже лейтенант" аскер чини бар же жогорку, орто кесиптик окуу жайын аяктаган, ортоңку жана улук жетекчи курамдын кызмат ордуна дайындалган кызматкерлерге, бирок кызмат ордуна дайындалган күндөн тартып 3 айдан эрте эмес мөөнөттө ыйгарылат.

6. Жазык-аткаруу тутумунун, ички иштер органдарынын жана башка укук коргоо органдарынын жана аскердик түзүмдөрдүн жогорку кесиптик окуу жайларын аяктагандан кийин кызматкерлерге "ички кызматтын лейтенанты" деген алгачкы наам ыйгарылат.

7. Улук жетекчи курамдын алгачкы жана кезектеги атайын наамдары жазык-аткаруу тутумунун кызматкеринин жогорку билими бар болсо гана ыйгарылат.

8. Жазык-аткаруу тутумуна кызматка кабыл алынган жана окумуштуулук даражасы же илимий наамы бар Кыргыз Республикасынын окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамынын адамдарына алгачкы атайын наамдар жазык-аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча төмөнкү тартипте: илимдин кандидаттарына, доценттерге - "ички кызматтын капитаны" наамынан төмөн эмес; илимдин докторлоруна, профессорлорго - "ички кызматтын майору" наамынан төмөн эмес ыйгарылат.

9. Кызмат өтөө учурунда илимий даража же окумуштуулук наам алган кызматкерге кезектеги атайын наам ушул статьянын 8-бөлүгүнө ылайык ыйгарылат.

10. Жетекчи курамдын кызматкерлерине кезектеги атайын наамдар жакшы аттестациялангандан кийин, ээлеген кызмат ордун эске алуу менен ошондой эле мурдагы наамы боюнча кызмат өтөгөн жылдарынын белгиленген мөөнөтү аяктаганда ыйгарылат.

11. Ортоңку жана улук жетекчи курамдын кызматкерлерине кезектеги атайын наамдар жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан ыйгарылат.

12. Окуу жайлардын угуучуларына жана адъюнкттарга кезектеги атайын наамдар окууга киргенге чейин ээлеген штаттык кызмат орундарына ылайык окуу убагында ыйгарылат.

13. Ээлеген кызматына ылайык келген кезектеги атайын наам, эгерде мөөнөтүн узартуу башка техникалык себептерден келип чыкпаса (кадрлар кызматына сунуш түшпөсө же кечигип түшсө), кызматкерге анын мурдагы наамы боюнча өтөгөн кызматынын мөөнөтү аяктаган күнү түздөн-түз жетекчисинин сунуштамасынын негизинде ыйгарылат.

(КР 2013-жылдын 8-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-6)  
Кийинки берене: [7-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-7-1)
