7-1-статья. Кызматка кабыл алынарда запаста турган же башка укук коргоо органдарынан же аскердик түзүмдөрдөн которулган адамдарга атайын наамдарды ыйгаруу
Күчүн жоготкон · 25.07.2019 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 июля 2019 года № 102.
1. Мамлекеттик кызматчылардын класстык чени бар кызматкерлерге ортоңку, улук жана жогорку жетекчи курамдын алгачкы жана кезектеги атайын наамдары кайра аттестациядан өтүү тартибинде ыйгарылбайт.
2. Запастагы офицердик курамдын же башка укук коргоо органдарынан, аскердик түзүмдөрдөн которулуп келген адамдар ортоңку, улук жана жогорку жетекчи курамдын кызматына дайындалгандан кийин, алардын аскердик, атайын наамдарына, атайын класстык чендерине ылайыктуу атайын наамдарды ыйгаруу менен жазык-аткаруу тутумунун кадрларынын катарына киргизилет. Штаттык кызматка ылайык эгерде алар кадрларга киргизилген күнгө чейин, кызматын (ишин) аткаруу учурунда же запаста жүргөндө аларга берилген аскердик, атайын наамдарга, атайын класстык чендерге белгиленген мөөнөттөрдү өтөп бүтүшсө, атайын наам мурдагы аскердик, атайын наамынан, атайын класстык ченинен бир даражага жогору ыйгарылышы мүмкүн.
3. Жазык-аткаруу тутумуна кабыл алынуучу аскердик же атайын наамы жок адамдарга, алар кенже жетекчи курамдын кызмат ордуна дайындаганда "ички кызматтын кенже сержанты" деген алгачкы атайын наам, ал эми офицердик курамдын кызмат ордуна дайындалганда - "ички кызматтын кенже лейтенанты" деген наам ыйгарылат.
4. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органына жана мекемесине жаңы кабыл алынган жогорку билимдүү кызматкер өз ыктыяры менен кенже жетекчи курамдын кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн. Мындай учурда ага "ички кызматтын старшинасы" деген наамдан төмөн эмес кенже жетекчи курамдын алгачкы атайын наамы ыйгарылат.
(КР 2013-жылдын 8-июнундагы № 95, 2015-жылдын 15-майындагы № 97 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 25.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1791/st-7-1" title="7-1-статья - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>