# 6-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөөгө кабыл алуудагы жана кызмат өтөөдөгү чектөөлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1791)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 9-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 102 "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2013 года № 95 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов и учреждении уголовно-исполнительной системы Министерства юстиции Кыргызской Республики»](https://aqlex.ai/kg/doc/203903)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.06.2013 [Закон КР от 8 июня 2013 года № 95 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов и учреждении уголовно-исполнительной системы Министерства юстиции Кыргызской Республики»](https://aqlex.ai/kg/doc/203903); 21.07.2008 [Закон КР от 21 июля 2008 года № 161 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202372)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791#diff=960998..960999>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1716/edition/960996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1791/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө, 6-статья (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-6

---

1. Жарандар жазык-аткаруу тутумуна кызматка кабыл алынбайт же жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөй албайт, эгерде ал:

- соттун чечими менен ишке жарамдуу эмес же жарамдуулугу чектелүү деп табылса;

- соттун чечими менен ага мамлекеттик кызматкер катары ишти аткарууга же мамлекеттик кызматтын кайсы бир кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынса;

- соттуулугу жабылганына же алып салынгандыгына же болбосо ага карата жазык кылмышы үчүн реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазыктык куугунтуктоо токтотулганына карабастан, соттолгон же соттуулугу бар болсо;

- жазык-аткаруу тутумунан, ошондой эле башка министрликтерден жана ведомстволордон ушул Мыйзамдын 35-статьясынын 5-пунктунда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган тартипти одоно бузгандыгы үчүн бошотулса;

- ушул Мыйзамдын 5-статьясында белгиленген жазык-аткаруу тутумуна кызматка алуу шарттарына жооп бербесе.

Бири-бири менен жакын туугандык байланышта (ата-энеси, жубайлар, ага-инилер, эже-сиңдилер, балдары, кыздары, ошондой эле жубайынын ага-инилери, эже-сиңдилери, ата-энелери, балдары) болгон кызматкерлерге, эгерде алардын кызмат өтөөсү түздөн-түз бири-биринин баш ийүүсүнө же контролдугуна байланыштуу болсо, жазык-аткаруу тутумунун бир органында же мекемесинде кызмат өтөөгө уруксат берилбейт.

2. Кызматкерлерге төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- жеке өзү же ортомчулар аркылуу ишкердик иш менен алектенүүгө;

- мамлекеттик мүлктү, кызматтык унааны, акча каражаттарын, кызматтык маалыматтарды кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга;

- өзүнүн кызматтык абалын жеке кызыкчылыгын же жакын туугандарынын кызыкчылыгын түздөн-түз козгогон маселелерди чечүү үчүн пайдаланууга;

- өзүнүн негизги иш-милдетин аткарууга тоскоолдук кылбаган деңгээлде чыгармачылык, илимий жана окутуучулук иштерден тышкары, менчигинин түрүнө карабастан жазык-аткаруу тутумуна кирбеген ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда айкалыштыруу менен иштөөгө;

- саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана тыюу салынган диний уюмдардын мүчөсү болууга, иштерине катышууга жана аларды колдоп чыгууга;

- иш таштоолорду, митингдерди жана пикеттерди уюштурууга жана аларды өткөрүүгө катышууга.

3. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана башка чектөөлөр да колдонулат.

(КР 2008-жылдын 21-июлундагы № 161, 2013-жылдын 8-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-7)
