# 5-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарына жана мекемелерине кабыл алынуунун шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1791)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 9-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 102 "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 мая 2015 года № 97 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов и учреждений уголовно-исполнительной системы Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111140)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.05.2015 [Закон КР от 15 мая 2015 года № 97 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов и учреждений уголовно-исполнительной системы Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111140); 08.06.2013 [Закон КР от 8 июня 2013 года № 95 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов и учреждении уголовно-исполнительной системы Министерства юстиции Кыргызской Республики»](https://aqlex.ai/kg/doc/203903)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791#diff=960999..961000>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1716/edition/960996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1791/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө, 5-статья (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-5

---

1. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарына жана мекемелерине анык аскердик кызматты өтөгөн же үй-бүлөлүк абалына байланыштуу негиздер боюнча альтернативалык (аскерден тышкаркы) кызматтан өткөн, өзүнүн ишкердик жана жеке сапаттары боюнча Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине коюлуучу талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары ыктыярдуу негизде кабыл алынат, анын ичинде:

- катардагы жана кенже жетекчи курамдагы кызмат ордуна - жашы 30дан ашпаган адамдар; жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде эркин жалданма кызмат ордуна 5 жылдан кем эмес эмгек стажы бар, жашы - 35тен ашпаган адамдар;

- ортоңку жана улук жетекчи курамдагы кызмат ордуна - жашы 35тен ашпаган адамдар; жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде эркин жалданма кызмат ордунда 5 жылдан кем эмес эмгек стажы бар, жашы 40тан ашпаган адамдар.

Мында аскердик жана альтернативалык (аскерден тышкаркы) кызматты өтөгөндүгүнө карата талаптар аялдарга жайылтылбайт. Аскерден тышкаркы альтернативалык кызматты өтөгөн жарандар ээлей ала турган кызмат орундарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

2. Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун аттестацияланган курамынын жаңы кабыл алынган кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун окуу жайында милдеттүү баштапкы даярдыктан өтүшөт.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу жайлары Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерин даярдоону жүзөгө ашыра алат.

3. Аскерге чакырылуучулар жазык-аткаруу тутумунун органдарына кызмат кылууга алынбайт. Күч түзүмдөрүнүн окуу жайларындагы окуу мезгили алгачкы атайын офицердик наам ыйгарылгандан кийин анык мөөнөттүү аскер кызматы катары эсептелет.

4. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын катардагы жана жетекчи курамындагы кызмат орундарына билим деңгээли, жеке жана ишкер сапаттары, ден соолугунун абалы боюнча өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү адамдар кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин ортоңку жана улук жетекчи курамынын кызмат орундарына курагы 40 жаштан ашпаган, орго жана жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кенже курамынын кызматкерлери дайындалса болот.

5. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин ортоңку, улук жетекчи курамынын кызмат ордуна орто жана жогорку кесиптик билими бар адамдар гана дайындалат, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин жогорку жетекчи курамынын кызмат ордуна жогорку билимдүү гана адамдар, ал эми ыкчам-кызматтык милдеттерди аткарууну караган кызмат орундарына жогорку юридикалык билими бар адамдар дайындалат. Жогорку юридикалык билими бар адамдар дайындалуучу кызмат орундардын тизмеси жазык-аткаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.

Зарыл болгон учурда ортоңку жана улук жетекчи курамдагы, ыкчам-кызматтык ишке байланышпаган жана жашыруун иш кагаздарына киргизүүнү талап кылбаган кызматтарды контракттык же конкурстук негизде ээлөөгө, анын ичинде мурда укук коргоо органдарында, прокуратура, юстиция органдарында, соттордо жана жазык-аткаруу тутумунун органдары менен мекемелеринде, ошондой эле запастагы офицерлерге, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тармагы боюнча пенсия төлөнүп жаткан же болбосо аскердик пенсия алып жүргөн адамдарга да, аларды андан ары Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын кадрлар курамына алуу менен жол берилет.

6. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарына кызматкерлерди кызматка кабыл алуу, кызмат орундарынан которуу, кызмат боюнча жогорулатуу жана бошотуу алардын улутуна, социалдык тегине, мүлктүк абалына, ынанымына мыйзам чегинде иштеп жаткан коомдук бирикмелердин ишине катышкандыгына же катышпагандыгына, динге карата мамилесине байланыштуу болушу мүмкүн эмес.

Жазык-аткаруу тутумунун органдарына кызматка талапкерлерди тандоонун, контракттарды түзүүнүн жана конкурстарды өткөрүүнүн тартиби менен шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

7. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын аттестацияланган курамдагы кызматына дайындалган аскер кызматын өтөөгө милдеттүүлөр аскердик каттоодон белгиленген тартипте чыгышат жана жазык-аткаруу тутумунун тийешелүү органдарына каттоого турушат.

(КР 2013-жылдын 8-июнундагы № 95, 2015-жылдын 15-майындагы № 97 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-6)
