# 39-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин жазык-аткаруу тутумунун органдарындагы жана мекемелериндеги кызмат өтөөсүн калыбына келтирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1791)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 9-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 102 "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1716/edition/960996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1791/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө, 39-статья (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-39

---

1. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматтан белгиленген тартипте мыйзамсыз бошотулганы таанылган кызматкерлер жазык-аткаруу тутумунун органдарындагы жана мекемелериндеги өздөрү мыйзамсыз бошотулган кызмат орундарында кайрадан калыбына келтирилүүгө тийиш.

2. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерин жазык-аткаруу тутумунун органдарындагы жана мекемелериндеги кызматтарында кайра калыбына келтирүү жөнүндө жогорку органдын чечими дароо аткарылууга тийиш.

3. Жазык-аткаруу тутумунун органдарындагы жана мекемелериндеги кызматы калыбына келтирилген жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине иштен бошотулган күндөн тартып жазык-аткаруу тутумунун органдарындагы жана мекемелериндеги кызматына калыбына келтирилген күнгө чейинки убакыт аларга кезектеги атайын наамды ыйгаруу, кызмат мөөнөтү үчүн кошумча акы төлөп берүү үчүн иштеген жылдарына кошулат.

4. Жазык-аткаруу тутумунун органдарындагы жана мекемелериндеги кызматы кайрадан калыбына келтирилген жазык-аткаруу тутумунун органдарынын кызматкерлерине иштен бошотулган күндөн тартып жазык-аткаруу тутумунун органдарындагы жана мекемелериндеги кызматы калыбына келтирилген күнгө чейинки тийешелүү акчалай маянасы төлөнүп берилет.

5. Жазык-аткаруу тутумунун органынын же мекемесинин кызматтан бошотуу жөнүндө же жазык-аткаруу тутумунун органдарынын же мекемелеринин кызматкерин башка кызматка которуу жөнүндө ушул Мыйзамды бузуу менен чечим чыгарган же ал кызматкердин жазык-аткаруу тутумунун органдарындагы же мекемелериндеги кызматына калыбына келтирүү жөнүндө чечимдин аткарылышын кечиктирген жазык-аткаруу тутумунун органдарынын же мекемелеринин начальниги ушул Мыйзамда аныкталган ченемдерге ылайык жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-38)  
Кийинки берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-40)
