39-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин жазык-аткаруу тутумунун органдарындагы жана мекемелериндеги кызмат өтөөсүн калыбына келтирүү
Күчүн жоготкон · 25.07.2019 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 июля 2019 года № 102.
1. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматтан белгиленген тартипте мыйзамсыз бошотулганы таанылган кызматкерлер жазык-аткаруу тутумунун органдарындагы жана мекемелериндеги өздөрү мыйзамсыз бошотулган кызмат орундарында кайрадан калыбына келтирилүүгө тийиш.
2. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерин жазык-аткаруу тутумунун органдарындагы жана мекемелериндеги кызматтарында кайра калыбына келтирүү жөнүндө жогорку органдын чечими дароо аткарылууга тийиш.
3. Жазык-аткаруу тутумунун органдарындагы жана мекемелериндеги кызматы калыбына келтирилген жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине иштен бошотулган күндөн тартып жазык-аткаруу тутумунун органдарындагы жана мекемелериндеги кызматына калыбына келтирилген күнгө чейинки убакыт аларга кезектеги атайын наамды ыйгаруу, кызмат мөөнөтү үчүн кошумча акы төлөп берүү үчүн иштеген жылдарына кошулат.
4. Жазык-аткаруу тутумунун органдарындагы жана мекемелериндеги кызматы кайрадан калыбына келтирилген жазык-аткаруу тутумунун органдарынын кызматкерлерине иштен бошотулган күндөн тартып жазык-аткаруу тутумунун органдарындагы жана мекемелериндеги кызматы калыбына келтирилген күнгө чейинки тийешелүү акчалай маянасы төлөнүп берилет.
5. Жазык-аткаруу тутумунун органынын же мекемесинин кызматтан бошотуу жөнүндө же жазык-аткаруу тутумунун органдарынын же мекемелеринин кызматкерин башка кызматка которуу жөнүндө ушул Мыйзамды бузуу менен чечим чыгарган же ал кызматкердин жазык-аткаруу тутумунун органдарындагы же мекемелериндеги кызматына калыбына келтирүү жөнүндө чечимдин аткарылышын кечиктирген жазык-аткаруу тутумунун органдарынын же мекемелеринин начальниги ушул Мыйзамда аныкталган ченемдерге ылайык жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 25.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1791/st-39" title="39-статья - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>