# 36-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөө үчүн белгиленген курактык чектөөлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1791)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 9-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 102 "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1716/edition/960996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1791/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө, 36-статья (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-36

---

1. Жазык-аткаруу тутумунун органдарындагы жана мекемелериндеги катардагы жана кенже жетекчи курамдын адамдары: эркектер - 45 жашка чейин, аялдар - 40 жашка чейин кызмат өтөй алышат. Зарыл болгон учурда кызмат өтөө мөөнөтү ар бир конкреттүү учурда 5 жылга чейин, ал эми жогорку квалификациялуу адистерге карата алардын ишке жарактуулугуна жана ден соолугуна жараша узартылышы мүмкүн.

2. Жазык-аткаруу тутумунун органдарындагы жана мекемелериндеги ортоңку, улук жана жогорку жетекчи курамдагы адамдар жашы боюнча төмөндөгүдөй чектелген куракка чейин кызмат өтөшөт:

Наамдар

Запаска чыгуу курагы

Отстав- кага чыгуу курагы

Ички кызматтын кенже лейтенантынан ички кызматтын капитанына чейин

45 жаш

50 жаш

Ички кызматтын майорунан ички кызматтын полковнигине чейин кошо

50 жаш

55 жаш

Ички кызматтын генерал-майорлору, ошондой эле илимий даражалары, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери деген ардак наамы барлар

55 жаш

60 жаш

3. Жаш курагы жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөө боюнча белгиленген чектелген куракка жеткен ортоңку, улук жана жогорку жетекчи курамдагы адамдар запаска (аскердик каттоого алынуу менен) же отставкага чыгарылат.

4. Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөөдө жаш курагы белгиленген чектелген куракка жетпеген, же болбосо жаш курагы кызмат өтөө белгиленген чектелген курактан ашса да, кызмат кылууга калтырылган аттестацияланган курамдагы адамдар, жаш курагы белгиленген чекке жеткенге чейин же калтырылган мөөнөтү аяктаганга чейин (аскердик каттоого алынуу менен) запаска же отставкага чыгарылуусу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-35)  
Кийинки берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-37)
