# 33-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерин акчалай маяна, кийим-кече жана азык-түлүк менен камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1791)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 9-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 102 "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 апреля 2016 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов и учреждений уголовно-исполнительной системы Кыргызской Республики", "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111315)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791#diff=961000..961001>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1716/edition/960996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1791/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө, 33-статья (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-33

---

1. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин акчалай маянасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Иштеген жылдары боюнча пенсияга чыгууга укугу бар жана ишин улантып жаткан аттестацияланган курамдагы адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдөрдө кошумча төлөө жүргүзүлөт.

3. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ченемдер боюнча азык-түлүк чен азыгы же болбосо азык-түлүк чен азыгынын ордуна акчалай компенсация менен камсыз кылынат.

4. Кылмыш жасаганы үчүн кармалган жана ага карата камакка алуу - бөгөт коюу чарасы тандалып алынган күндөн тартып кызматкерлерге акчалай маяна төлөө токтотулат. Реабилитациялоочу негиздер же актоо өкүмү чыгарылганы боюнча кылмыш иши кыскартылганда акчалай маяна төлөө ал токтотулган күндөн тартып кайра жаңыртылат.

Кызматкер ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген учурда ага акчалай маяна төлөп берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-34)
