# 31-статья. Аттестациялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1791)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 9-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 102 "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2013 года № 95 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов и учреждении уголовно-исполнительной системы Министерства юстиции Кыргызской Республики»](https://aqlex.ai/kg/doc/203903)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791#diff=960998..960999>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1716/edition/960996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1791/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө, 31-статья (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-31

---

1. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин иштерин өркүндөтүү, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, кадрларды тандоону, жайгаштырууну жана тарбиялоону жакшыртуу, кызматкерлердин кесиптик чеберчиликтерин жана квалификациясын, демилгелүүлүктөрүн, чыгармачыл жигердүүлүктөрүн жана тапшырылган иш үчүн жоопкерчиликтерин арттыруу максатында катардагы жана жетекчи курамдагы адамдарды аттестациялоо жүргүзүлөт.

2. Аттестациялоодо алардын ишкердик, кесиптик, моралдык жана жеке сапаттары, маданий деңгээли жана адамдар менен иштеше билүү жөндөмү ар тараптан бааланат, ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө жыйынтыктар чыгарылат жана андан ары кызмат өтөөсү жөнүндө сунуштар берилет.

3. Ортоңку, улук жана жогорку жетекчи курамдагы адамдарды аттестациялоо жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөгөндөргө - төрт жыл өткөндөн кийин жыл сайын, ал эми катардагы жана кенже жетекчи курамдагы адамдарга - үч жыл кызмат өтөгөндө жыл сайын жүргүзүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын же башка мамлекеттердин Ички иштер министрлигинин окуу жайларынын угуучулары (адьюнкттар) жана курсанттары окуу жайды (адьюнктураны) бүткөндө аттестацияланышат.

Контракттык негизде Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин ортоңку жана улук жетекчи курамынын кызмат орундарын ээлешкен Кыргыз Республикасынын жарандары белгиленген тартипте аттестациядан өтүшөт.

5. Жазык-аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча баардык катардагы жана жетекчи курамды же анын айрым категорияларын аттестациялоо башка мөөнөттөрдө да өткөрүлүшү мүмкүн.

6. Катардагы жана жетекчи курамды аттестациялоого даярдоонун жана аттестациялоону жүргүзүүнүн, аттестациялоонун жыйынтыктары менен сунуштарын ишке ашыруунун, ошондой эле аттестациялоону өткөрүүнүн тартибин бузуулар жана калыс эместиктер жөнүндө даттанууларды кароонун тартиби жазык-аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.

(КР 2013-жылдын 8-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-32)
