26-статья. Кезектеги ар жылдык өргүү
Күчүн жоготкон · 25.07.2019 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 июля 2019 года № 102.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 июня 2013 года № 95
1. Кезектеги өргүүлөр аттестацияланган курамдагы адамдарга Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин тармагы боюнча пенсия чектеген учурда эсепке алынуучу кызмат өтөгөн жылдарына жараша (календарлык эсеп менен) берилет:
- 10 жылдан аз иштегендерге - жыл сайын 30 календарлык күн;
- 10дон 15 жылга чейин иштегендерге - жыл сайын 35 календарлык күн;
- 15тен 20 жылга чейин иштегендерге, ошондой эл иштеген жылдарына карабастан, илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы, доцент окумуштуулук наамы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери ардак наамы барларга - жыл сайын 40 календарлык күн;
- 20 жыл жана андан ашык иштегендерге, ошондой эле иштеген жылына карабастан, илимдин доктору окумуштуулук даражасы, профессордук наамы барларга - жыл сайын 50 календарлык күн.
2. Кызматкердин каалоосу боюнча кезектеги өргүү эки бөлүнүп берилиши мүмкүн, мындай учурда өргүүнүн бир бөлүгү 10 календарлык күндөн кем болбоосу керек. Өргүү өткөрүүчү жерге баруу жана кайра келүү үчүн берилүүчү акча каражаттары, ошондой эле жол жүрүүгө кетүүчү убакыт өргүүнүн бир бөлүгүнө гана берилет.
3. Узактыгы 45 календарлык күндүк болгон кезектеги оргүүлөр иштеген жылына карабастан тоолуу жерлерде (1500 метр жана андан бийикте) кызмат өтөгөн аттестацияланган курамдагы адамдарга да берилет.
4. Иштеген убактысы аттестацияланган курамга жеңилдетилген шартта пенсия чектөө үчүн кызмат өтөгөн жылдары эсептөөгө кошулуучу жана 45 календарлык күнгө созулуучу кезектеги өргүүлөргө укук берүүчү климаттык шарты катаал жерлердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
5. Жазык-аткаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча, өзгөчө учурларда, өтөгөн жылдарына карабастан узак эс алууга муктаж болгон аттестацияланган курамдагы адамдарга өтө татаал шартта же өзгөчө кырдаалда кызмат өтөгөндүгүнө байланыштуу узактыгы 45 календарлык күнгө созулуучу кезектеги өргүүлөр берилиши мүмкүн.
Интернационалист-жоокерлердин ичинен кызматкерге кызматынын мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүнө карабастан узактыгы 14 календардык күн кошумча өргүү эмгек акысын сактабай туруп берилет.
6. Катардагы жана жетекчи курамдагы адамдарды кезектеги өргүүсүнөн чакыртып алууга жол берилбейт. Иш боюнча өтө зарыл болгон учурларда түздөн-түз начальнигинин жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана кезектеги өргүүдөн чакыртып алууга болот. Кезектеги өргүүдөн чакыртып алганда анын пайдаланылбаган бөлүгү, эреже катары, ошол жыл ичинде берилет. Эгер өргүүнүн пайдаланылбаган бөлүгү 10 календарлык күн же андан көп болсо, катардагы жана жетекчи курамдагы адамдарга өргүүнү өткөрүүчү жерге баруу жана кайра келүү үчүн жол кире документтери жана өргүүдөн сырткары жолдо жүрүүгө кошумча убакыт берилет. Аттестацияланган курамдагы адамдын каалоосу боюнча өргүүнүн пайдаланылбаган бөлүгү кийинки жылдагы кезектеги өргүүгө кошулушу мүмкүн.
7. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынан жана мекемелеринен жашы, оорусу, ден соолугу боюнча же штаттын кыскарганына байланыштуу бошотулуп жаткан аттестацияланган курамдагы адамдарга алардын каалоосу боюнча ошол бошонгон жылы ушул статьясынын 2-пунктунда белгиленген мөөнөткө кезектеги өргүү берилет.
8. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынан жана мекемелеринен бошотулган аттестацияланган курамдагы адамдарга (ушул статьясынын 7-пунктунда көрсөтүлгөндөн башкаларга) бошогон жылы пайдаланылбаган кезектеги өргүүсү үчүн ошол жылдагы иштеген убактысына жараша акчалай компенсация төлөнөт.
9. Кызматкерге үй-бүлөлүк жагдайы боюнча же башка жүйөлүү себептерге байланыштуу узактыгы 5 календардык күндү түзгөн кыска мөөнөттүү өргүү төмөнкү учурларда берилет:
- никеге турганда;
- жакын тууганы (жубайы, ата-энеси, уул-кызы, бир тууганы, жубайынын ата-энеси же кызматкерди баккан адам) катуу ооруса же каза (курман) болсо;
- үй-бүлөсү же жакын тууганы өрткө же башка табигый кырсыкка учураса;
- үй-бүлөдө бала төрөлсө.
Кыска мөөнөттүү өргүү кезектеги өргүүнүн эсебине кирбейт жана өргүү берген жетекчинин макулдугу менен гана 5 күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
10. Кызматкерге эмгектик өргүү кызмат өтөгөн биринчи календарлык жылда берилгенде анын кызмат орунга дайындалган күнүнөн башталган убакыт эске алынат. Иштеген биринчи жылы эмгектик өргүү 11 ай иштегенден кийин гана берилет. Иштегенден 6 ай өткөндөн кийин эмгектик өргүү тараптардын макулдашуусу боюнча берилет, 11 ай өткөнгө чейин өргүү аялдарга - кош бойлуулугу жана төрөт боюнча өргүүгө чыгаардын алдында же дароо андан кийин, 3 айга чейинки жаштагы бала (балдарды) багып алган кызматкерлерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда берилет.
(КР 2013-жылдын 8-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 25.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1791/st-26" title="26-статья - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>