# 25-статья. Өргүүлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1791)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 9-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 102 "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1716/edition/960996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1791/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө, 25-статья (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-25

---

1. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамдагы адамдарына төмөндөгүдөй өргүүлөр берилет:

- кезектеги;

- окуп жүргөндөгү;

- кошумча (кызматтын өзгөчө мүнөзү үчүн; сыйлоо түрүндөгү);

- социалдык (бала багууга байланыштуу; окуп жүргөндөгү, чыгармачылык өргүүлөр; жеке өзүнө байланышкан үй-бүлөлүк жүйөлүү себептер боюнча; кош бойлуулугу жана төрөткө байланыштуу өргүүлөр).

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында иш күн эмес деп белгиленген майрам күндөрү өргүүнүн узактыгын аныктаганда эсепке алынбайт. Майрамдарга байланыштуу дем алыш күндөр бүткүл республиканын масштабында которулганда алар кезектеги өргүүгө кошулат.

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-26)
