# 24-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин ички тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1791)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 9-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 102 "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1716/edition/960996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1791/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө, 24-статья (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-24

---

Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин ички иш тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана жазык-аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси аныктаган тартипте белгиленет. Түздөнтүз жетекчилер өз кызматкерлеринин кызмат өтөөсү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, алардын кызматтык өсүүсү жана эс алуусу үчүн ыңгайлуу социалдык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө милдеттүү. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин начальниктери жана башка кызмат адамдары ушул Мыйзамдын жана кызмат өтөө, кадрлар менен иштөө маселелери боюнча дагы башка ченемдик-укуктук актылардын талаптарынын так сакталуусуна жеке жооп беришет. Аттестацияланган курамдагы адамдардын бузулган укуктары токтоосуз калыбына келтирилүүгө тийиш; андай тартип бузууга күнөөлүү кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылышат, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда келтирилген материалдык зыяндарды төлөп беришет. Аттестацияланган курамдагы адамдар төмөндөгүлөр үчүн жооп беришет:

а) тартип бузгандыгы үчүн - Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин Тартиптик уставына ылайык;

б) администрациялык укук бузгандыгы үчүн - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жана администрациялык жоопкерчиликке тартылышат;

в) кылмыш жасагандыгы үчүн - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылышат;

г) материалдык зыян келтиргендиги үчүн - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык жоопкерчилик тартышат.

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-25)
