# 22-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөгөн жылдарды эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1791)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 9-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 102 "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 мая 2015 года № 97 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов и учреждений уголовно-исполнительной системы Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111140)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.05.2015 [Закон КР от 15 мая 2015 года № 97 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов и учреждений уголовно-исполнительной системы Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111140); 08.06.2013 [Закон КР от 8 июня 2013 года № 95 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов и учреждении уголовно-исполнительной системы Министерства юстиции Кыргызской Республики»](https://aqlex.ai/kg/doc/203903); 11.06.2008 [Закон КР от 11 июня 2008 года № 113 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов и учреждений уголовно-исполнительной системы Министерства юстиции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202323)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791#diff=960999..961000>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1716/edition/960996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1791/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө, 22-статья (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-22

---

Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине жана аскер кызматчыларына (мөөнөттүү аскер кызматчыларынан тышкары) пенсия чектөө үчүн иштеген жылдарын эсептөөгө жеңилдик белгиленет: эки күндүк кызматы - үч күнгө, ал эми жугуштуу оорулууларды кармоо жана дарылоо мекемелеринде алардын мурда белгиленген жеңилдиктерин сактоо менен, бир күндүк кызматы эки күнгө эсептелет. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин укук коргоо органдарында, прокуратура, юстиция, сот органдарында, жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мамлекеттик кызматкер, жазык-аткаруу тутумунун кызматкери катары иштеген иштери пенсия чектөө үчүн алардын жалпы жана үзгүлтүксүз эмгек стажына жана иштеген жылдарын эсептөөгө толугу менен киргизилет. Аттестацияланган курамга кирген адамдарга пенсия чектелген учурда эсептелүүчү иштеген жылдарына жазык-аткаруу тутумунун, ички иштер органдарынын мекемелерине кызматка кабыл алынганга чейинки жарандык жогорку жана атайын орто окуу жайларында окуунун күндүзгү бөлүмүндөгү окуган мезгилинин (беш жылга чейинки чектерде) бир окуу жылы - бир эмгек жылы катары эсептелинет. (КР 2008-жылдын 11-июнундагы № 113, 2013-жылдын 8-июнундагы № 95, 2015-жылдын 15-майындагы № 97 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-23)
