# 19-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1791)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 9-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 102 "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2013 года № 95 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов и учреждении уголовно-исполнительной системы Министерства юстиции Кыргызской Республики»](https://aqlex.ai/kg/doc/203903)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791#diff=960998..960999>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1716/edition/960996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1791/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө, 19-статья (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-19

---

Аттестацияланган курамга кирген адамдар тийиштүү окуу жайлардын окуучулары, угуучулары жана студенттери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жеңилдиктерден пайдалануу менен жалпы билим берүүчү жана башка окуу жайларда, ал эми эл аралык келишимдерге ылайык - чет мамлекеттердин окуу жайларында окуй алышат. Кызматкерлер өзүнүн кесиптик деңгээлин жана квалификациясын жазык-аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси аныктаган тартипте жогорулатышат. Аттестацияланган курамга кирген адамдардын ичинен кош бойлуу аялдар жана энелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген баардык укуктардан жана жеңилдиктерден пайдаланышат. Кызматкерлер бала багуу боюнча өргүүгө чыккан мезгилде алардын ордун аттестацияланган курамдагы адамдардын же жарандык калк ичинен (ыкчам-кызматтык иш менен байланышпаган жана жашыруун иш кагаздарга уруксат алууну талап кылбаган кызматтарга)", атайын наам ыйгарылбастан алынган адамдар менен алмаштырууга уруксат берилет. (КР 2013-жылдын 8-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-20)
