# 18-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде атайын наамдарды ыйгаруунун жана кызмат өтөгөн жылдарды эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1791)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 9-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 102 "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2013 года № 95 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов и учреждении уголовно-исполнительной системы Министерства юстиции Кыргызской Республики»](https://aqlex.ai/kg/doc/203903)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.06.2013 [Закон КР от 8 июня 2013 года № 95 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов и учреждении уголовно-исполнительной системы Министерства юстиции Кыргызской Республики»](https://aqlex.ai/kg/doc/203903); 11.06.2008 [Закон КР от 11 июня 2008 года № 113 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов и учреждений уголовно-исполнительной системы Министерства юстиции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202323)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791#diff=960998..960999>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1716/edition/960996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1791/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө, 18-статья (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-18

---

Коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (анын ичинде запаста турган) кызматкерлерине жана аскер кызматчыларына, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза аткаруу системасынын органдарына жана мекемелерине кызматка алуу учурунда ички иштер чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын катардагы жана жетекчи курамындагы адамдарга, ушул Мыйзамдын 3-статьясына ылайык мурда бар аскердик же атайын наамдарына тең келүүчү атайын наамдар ыйгарылат. Көрсөтүлгөн адамдардын саналып өткөн органдардагы иш (кызматтык) стажы алардын жазык-аткаруу тутумунун органдарындагы жана мекемелериндеги кызмат өтөгөн мөөнөтүнө кошулуп эсептелет. Офицердик курамдын аскердик наамы болбогон жана аскер кызматына чакырылган жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине алардын атайын наамына ылайык келген офицердик курамдын алгачкы аскердик наамы ыйгарылбайт. (КР 2008-жылдын 11-июнундагы № 113, 2013-жылдын 8-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-19)
