# 17-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин куралдары жана атайын каражаттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1791)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 9-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 102 "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1716/edition/960996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1791/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө, 17-статья (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-17

---

Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлери тийиштүү даярдыктан өткөндөн кийин, кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда ок атуучу куралдарды жана атайын каражаттарды алып жүрүүгө укуктуу. Ок атуучу куралдарды жана атайын каражаттарды дайыма алып жүрүүгө жана сактоого укук берилген жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык тизмеги, ошондой эле көрсөтүлгөн куралдарды жана атайын каражаттарды алып жүрүү жана сактоо тартиби жазык-аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан белгиленет. Ок атуучу куралдарды жана атайын каражаттарды колдонуу "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-18)
