# 14-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерин кызматтан төмөндөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1791)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 9-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 102 "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1716/edition/960996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1791/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө, 14-статья (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-14

---

1. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерин кызматынан тартиптик жаза иретинде төмөндөтүү Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин Тартиптик уставында ушундай укук берилген начальник тарабынан жүргүзүлөт.

2. Офицердик курамдагы адамдарды штат кыскарган учурда ден соолугуна байланыштуу төмөнүрөөк кызматка которуу түздөнтүз начальниктер тарабынан аларга берилген укуктардын чегинде, бирдей кызматка которууга мүмкүнчүлүк болбогон шарттарда жүргүзүлөт.

3. Которуунун негизи бирдей же төмөнкү кызматка которуу жөнүндө өздүк курам боюнча буйрукта көрсөтүлөт.

4. Кызматтан которулган жетекчи курамдагы адамдар жаңы кызмат ордуна иштерин жана кызматын өткөргөндөн кийин, бирок жазык-аткаруу тутумунун органы же мекемеси кызматтан которуу жөнүндө буйрукту же жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алгандан кийин, алар кезектеги өргүүдө же дарыланууда болгондон башка учурларда, бир айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен жиберилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-15)
