14-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерин кызматтан төмөндөтүү
Күчүн жоготкон · 25.07.2019 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 июля 2019 года № 102.
1. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерин кызматынан тартиптик жаза иретинде төмөндөтүү Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин Тартиптик уставында ушундай укук берилген начальник тарабынан жүргүзүлөт.
2. Офицердик курамдагы адамдарды штат кыскарган учурда ден соолугуна байланыштуу төмөнүрөөк кызматка которуу түздөнтүз начальниктер тарабынан аларга берилген укуктардын чегинде, бирдей кызматка которууга мүмкүнчүлүк болбогон шарттарда жүргүзүлөт.
3. Которуунун негизи бирдей же төмөнкү кызматка которуу жөнүндө өздүк курам боюнча буйрукта көрсөтүлөт.
4. Кызматтан которулган жетекчи курамдагы адамдар жаңы кызмат ордуна иштерин жана кызматын өткөргөндөн кийин, бирок жазык-аткаруу тутумунун органы же мекемеси кызматтан которуу жөнүндө буйрукту же жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алгандан кийин, алар кезектеги өргүүдө же дарыланууда болгондон башка учурларда, бир айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен жиберилүүгө тийиш.
Берененин тексти 25.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1791/st-14" title="14-статья - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>