# 13-статья. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана аларды кызмат боюнча которуштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1791)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 9-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 102 "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 апреля 2016 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов и учреждений уголовно-исполнительной системы Кыргызской Республики", "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111315)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.04.2016 [Закон КР от 6 апреля 2016 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов и учреждений уголовно-исполнительной системы Кыргызской Республики", "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111315); 08.06.2013 [Закон КР от 8 июня 2013 года № 95 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов и учреждении уголовно-исполнительной системы Министерства юстиции Кыргызской Республики»](https://aqlex.ai/kg/doc/203903)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791#diff=961000..961001>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1716/edition/960996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1791/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө, 13-статья (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-13

---

1. Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

2. Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарлары жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалышат жана кызмат ордунан бошотулушат.

3. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин башка кызматкерлери кызмат ордуна жазык-аткаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен белгиленген тартипте дайындалышат жана бошотулушат.

4. Аттестацияланган курамдагы адамдар айкалыштыруучу кызматтар жана ал кызматтарга тиешелүү наамдар жазык-аткаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси бекиткен тизмек боюнча аныкталат.

5. Кадрларды тандоо, жайгаштыруу, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин аттестацияланган курамдагы кызматтарынын сапаттуу жабдылуусун камсыз кылуу бардык даражадагы жетекчилердин милдети болуп саналат.

6. Аттестацияланган курамды штаттык кызмат орундарына дайындоо жана кызмат боюнча которуштуруу түздөн-түз начальниктер тарабынан алардын жазык-аткаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси аныктаган компетенциясына жараша жүргүзүлөт.

7. Аттестацияланган курамдагы адамдарды кызмат боюнча которуштуруу төмөндөгүдөй жүргүзүлөт:

- жогору турган кызматка - кызматы боюнча көтөрүү иретинде;

- бирдей кызматка - жазык-аткаруу тутумунун органынын же мекемесинин кызматкерлеринин штатын же санын кыскартууга байланыштуу (мындан ары - уюштуруу-штаттык иш чараларына), иш тажрыйбасын эске алуу менен, адистиги боюнча кыйла максаттуу пайдалануу үчүн, же болбосо жеке өтүнүчү боюнча, ал эми офицердик курамдагы адамдарды болсо - белгилүү мөөнөткө кызмат өтөөчү жерлердин алмаштырылганына байланыштуу;

- кызматтын кызыкчылыгында кызматкердин башка кызмат ордуна которулгандыгына байланыштуу - ротациялоого (түздөн-түз начальниктин же кадрдык аппараттын начальнигинин сунуштамасынын негизинде). Кызматкер 5 жылда бир жолудан көп эмес ротацияланууга жатат;

- Кыргыз Республикасынын же башка мамлекеттердин Ички иштер министрлиги тармагынын окуу жайларынын күндүзгү окуу бөлүмүнө окууга өткөнүнө байланыштуу кызматынан бошогондо, ошондой эле окууну бүтүргөндөн кийин кызмат ордуна дайындалганда;

- төмөнүрөөк турган кызматка - штаттар кыскартылганда;

- бирдей кызматка которууга мүмкүнчүлүк болбогондо жана аттестацияланган курамдагы адамдын макулдугу менен;

- ден соолугуна байланыштуу аскердик-врачтык комиссиянын токтомуна ылайык жана анын макулдугу менен;

- жеке өтүнүчү боюнча;

- аттестациялык тартипте ээлеген кызматына ылайык келбегендиги боюнча;

- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин Тартиптик уставына ылайык тартиптик жаза берүү иретинде.

8. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерин кызмат боюнча которууда ал негизги же профилдик адистиги же тажрыйбасына ылайык иш менен камсыздалат. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерин жаңы адистик боюнча которуу зарыл болгондо, ал тиешелүү окуу курстарынан кайра даярдоодон өтүүсү керек.

9. Кадрлардын карамагына кызматкер төмөндөгү учурларда киргизилет:

- уюштуруу-штаттык иш-чаралар өткөрүлгөндө;

- жазык-аткаруу тутумунун органы же мекемеси жоюлганда;

- кызматкер мурда ээлеген кызмат ордуна калыбына келтирилгенде;

- аны башка кызмат ордуна дайындоо мүмкүн болбогондо;

- Тартип уставына ылайык кызмат ордунан бошотулганда;

- башка укук коргоо органдарынан жана аскер түзүмдөрүнөн которулганда;

- ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 3-пунктунда каралган учурларда.

Кызматкерлер кадрлардын карамагына 4 айдан ашпаган мөөнөткө киргизилет, андан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте бошотулууга тийиш. Кадрлардын карамагында турган адамдарга 4 айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө акчалай маяна төлөп берилет. Уюштуруу-штаттык иш-чараларды өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органынын же мекемесинин жаңыдан бекитилген штаттык тизмеси боюнча тиешелүү кызмат орундарына ылайык келген кызмат орундарын ээлеген кызматкерлер, анын ичинде ошого окшош функционалдык милдеттерин аткаруу учурунда ал кызматтарга дайындоонун артыкчылыктуу укуктарына ээ болушат. Кадр кызматынын көрсөтмөсү боюнча кадрлардын карамагында турган кызматкерлер мекемелер өткөргөн профилактикалык-издөө иш-чараларына, ошондой эле мекемелерден качып кеткен соттолгондорду издеп табуу боюнча иш-чараларга тартылышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кадрларынын карамагында болгон мөөнөтүнө ооруган учурдагы же кезектеги же кошумча эмгек өргүүсүндө болгон мезгилдери эсептелбейт. (КР 2013-жылдын 8-июнундагы № 95, 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 36 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-14)
