# 10-статья. Кезектеги атайын наамдарды берүүнү кечиктирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1791)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 9-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 102 "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2013 года № 95 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов и учреждении уголовно-исполнительной системы Министерства юстиции Кыргызской Республики»](https://aqlex.ai/kg/doc/203903)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791#diff=960998..960999>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1716/edition/960996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1791/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө, 10-статья (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-10

---

1. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин тартиптик жаза чарасы (оозеки жарыялангандарын кошпогондо) колдонулган кызматкерлерине, болбосо кылмыш иши козголгондорго, же кызматтык тартипти бузуу фактылары боюнча кызматтык текшерүү жүргүзүлүп жаткандарды кезектеги атайын наамды ыйгарууга көрсөтүү тартиптик жаза чарасы тийешелүү түрдө алынганга же жазык иши кыскартылганга же болбосо кызматтык текшерүү аяктаганга чейин жүргүзүлбөйт.

1-1. Бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн кенже жана жетекчи курамдын кызматкерлерине кезектеги атайын наамдар бала багуу боюнча өргүүдөн чыккан күндөн тартып 3 айдын ичинде ыйгарылат.

2. Жазык-аткаруу тутумунун органынын же мекемесинин кызматкерин атайын наамды ыйгарууга көрсөтүүнү негизсиз кечиктирген жазык-аткаруу тутумунун органынын же мекемесинин начальниги тартиптик жоопкерчилик тартат.

3. Биринчи же кезектеги атайын наамды ыйгарууга көрсөтүү негизсиз кечиктирилген учурда жазык-аткаруу тутумунун органынын же мекемесинин кызматкери көрсөтүлгөн атайын наам өз учурунда ыйгарылганда алуусу тийиш болгон каражаттын тийешелүү түрлөрүнүн ордун толтуруп алууга укуктуу.

(КР 2013-жылдын 8-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1791/st-11)
