# Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-октябрындагы № 26 "Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-октябрындагы № 26 "Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/179060>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15070/edition/1287226/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-октябрындагы № 26 "Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүү жөнүндө" токтому (13.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/179060

---

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

2023-жылдын 13-октябры № 26 Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан ары чаралар жөнүндөгү” ПЖ № 350 Жарлыгына негиз, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергилиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренеси, Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү туралуу” мыйзамынын 12-бернесине ылайык жана Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 11-октябрындагы № 01-27/117 сандуу катын карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

Токтом кылат

1. Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүү менен административдик-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык жайгашкан аймакты эске алуу менен бириктирилген айыл аймактардын административдик борбору Ак-Татыр айылы болуп макулдук берилсин.

2. Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүүдө айыл аймактын административдик аталышы “Орто-Боз” деп аталсын, Баткен райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө жүктөлсүн.

Төрага

Ысаков С.Б.
