# Сары-Булуң айылдык кеңешинин 2023-жылдын 26-июлундагы № 15 "Ижарага берилген жерлердин ижара акысын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Булуң айылдык кеңешинин 2023-жылдын 26-июлундагы № 15 "Ижарага берилген жерлердин ижара акысын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/179039>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/179039/edition/1286142/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Булуң айылдык кеңешинин 2023-жылдын 26-июлундагы № 15 "Ижарага берилген жерлердин ижара акысын бекитүү жөнүндө" токтому (26.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/179039

---

САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сары-Булуң айылдык кеңешинин VIII- шайланышынын кезектеги чакырылышынын -XXII сессиясы 2023-жылдын 26-июлу № 15 Ижарага берилген жерлердин ижара акысын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.08.1994-жылдагы № 632 токтомунун негизинде, үлүшкө берилген жерлерди инвентаризация жүргүзүүдө табылган жерлерди ижарага берүү жана ижара акысын бекитүү максатында Сары-Булуң айылдык кеңешинин VIII- шайланышынын кезектүү XXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.08.1994-жылдагы № 632 токтомунун негизинде, үлүшкө берилген жерлерди инвентаризация жүргүзүүдө табылган жерлерди ижарага берүү жана ижара акысын бекитүү туралуу айыл чарба, архитектура, транспорт жана экология комитетинин 25-июль 2023-жылдагы №3 протоколу жактырылып, каралган тарифтер бекитилсин.

2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.

3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Булуң айылдык кеңешинин этика, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы

Эпээва В.М.
