# Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 06-июлу № 20 "2023-2025-жылдын мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 06-июлу № 20 "2023-2025-жылдын мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 06.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/179034>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15052/edition/1286268/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 06-июлу № 20 "2023-2025-жылдын мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө" токтому (06.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/179034

---

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынынкезектеги IV сессиясы

2023-жылдын 06-июлу № 20

2023-2025-жылдын мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 “ Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгына, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн долбоорун, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын кезектеги №2 отурумунун протоколун карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 Жарлыгына ылайык, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-аракеттер планы долбоору бекитилсин. (тиркемеси тиркелет)

2. Ушул токтомдун аткарылышы, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

Ысаков С.Б.

Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы; Ысаков С.Б. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 2023-жылдын 6-июлу Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын № 20 токтомуна 1-тиркеме

2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-аракеттер планы.

№

Аткарылуучу иштин мазмуну

мөөнөтү

Жооптуулар

1

Тиричилик калдыктарын анын ичинде катуу тиричик калдыктарын иштетүү жаатында мыйзамдык базаны жана экономикалык жөнгө салуу механизмин өркүндөтүү

2023-2025-жылдарга

Р.Ахматов Б.Турдуев Н.Жолдошова

Б.Сыдыков

Т.Мамытов

2

Тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу уюштурууну камсыз кылуу максатында санитардык тазалоонун материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын өркүндөтүү

2023-2025-жылдарга

Р.Ахматов Б.Турдуев Н.Жолдошова

Б.Сыдыков,

М.Мирадилов

М.Байназаров

Н.Джапаров, Т.Мамытов

3

Тиричилик калдыктарын иштетүү жаатында экологиялык билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн методикалык жана маалыматтык камсыздоону түзүү

2023-2025-жылдарга

Р.Ахматов Б.Турдуев И.Джураев

Б.Сыдыков

Т.Мамытов

4

Катуу тиричилик калдыктарын өзүнчө чогултуу боюнча инфраструктурасы өнүктүрүүгө палигондорду оптималдаштырууга,тиричилик калдыктарын кабыл алуу пунктарын,таштандыларды сорттоочу жана таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларды анын ичинде жеке менчик формадагыларын курууга багытталган инвеститцияларды өздөштүрүү

2023-2025-жылдарга

Р.Ахматов

Б.Турдуев

Р.Джураев

Б.Сыдыков

5

Калдыктарды өздүрүүчүлөрдүн өздөрү тарабынан калдыктарды иштетүү боюнча чыгымдарды компенсациялоону караган тиешелүү укуктук жана экономикалык негизди түзүүнүн зарылдыгын аныктаган “булгоочу төлөйт” принцибин киргизүү

2023-2025-жылдарга

Р.Ахматов Б.Турдуев И.Джураев

Б.Сыдыков

Н.Абдинабиев

М.Мазеитов

6

2022-жылдын 31-декабрына чейин аймактарды көрктөндүрүү жашылдандыруу тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин иштеп чыгуу жана тиешелүү кеңештин бекитүүсүнө киргизүу

2023-2025-жылдарга

Р.Ахматов Б.Турдуев Н.Жолдошова

Б.Сыдыков, М.Мирадилов

М.Байназаров, Н.Джапаров

Р.Ахматов, Т.Мамытов

Ак-Татыр айыл өкмөттүн жооптуу катчысы м.а:

И.Джураев
