Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Баткен шаардык кеңешинин «Баткен шаарынын социалдык жактан жардамга муктаж жарандарын тейлөөнүн абалы жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы 2023-жылдын 26-апрели № 21 Баткен шаарынын социалдык жактан жардамга муктаж жарандарын тейлөөнүн абалы жөнүндө Социалдык төлөмдөрдү чектөө:
- Баткен шаары боюнча 575 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 1776 балдарына үй-бүлөгө көмөк жөлөкпулу чектелген.
- Социалдык жөлөкпул алуучулардын саны – 489 адамды түзөт.
- 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларда каза болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын кошумча социалдык жолокпул алуучулардын саны - 12 үй бүлөнү 19 адамды түзөт (а.и.курман болгондордун балдары- 13 бала, майып болгондор-5 адам, жалгыз бой эне-1 адам).
- Акчалай компенсация алуучулардын саны - 156 адамды түзөт.
- Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул 95адамга 5947,4 миң сом төлөнгөн.
- Сөөк коюуга (расымдык) жөлөкпул төлөнгөн эмес.
Социалдык төлөмдөрдү төлөө Баткен шаары боюнча мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө үчүн Республикалык бюджеттен төмөнкүдөй каржылоо жүргүзүлгөн:
- Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө Үй-бүлөгө көмөк жөлөкпул- 7257,9 миң сом;.
- Социалдык жөлөкпул – 10084,8 миң сом;
- Кошумча социалдык жөлөкпул –215,8 миң сом;
- Акчалай компенсация – 764,0 миң сом;
- Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул 95 адамга – 5947,4 миң сом;
Социалдык кызмат көрсөтүү
Шаар боюнча жалгыз бой, ДМЧ, ТШО жалпы 20 адамды 2 социалдык кызматкер үйүнө барып тейлешет. Баткен шаары боюнча калктын саны 7804 үй бүлөнү, 33896 адамды төзгөн.
01.04.2023-жылга карата жакыр үй-бүлөөлөрдүн саны 1204 үй-бүлөнү же жакырчылыктын денгээли 15,4 % ды түзгөн.
Жергиликтүү бюджеттен 70 адамга 70,0 мин сомдук материалдык жардамдар, демөөрчүлөр тарабынан 20 үй-бүлөгө 19,4 миң сомдук материалдык жардамдар берилген. БУУ бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында шаар боюнча 250 үй-бүлөгө 12,5 миң тн ун, 1,15 миң тн өсүмдүк майы таркатылып, жалпы суммасы 13,65 мин тоннаны түзүп базар баасында 722,5 миң сомду түзөт. Андан сырткары Дубайдын эмири-Шейх Мухаммед бин Рашид Аль-Мактум кайрымдуулук жана гуманитардык уюмунун аткаруучусу “Ихсан-Хайрия” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан ДМЧА, 18 жашка чейинки ДМЧ балдары бар үй-бүлөлөргө, муктаж адамдарга жалпы 250 адамга эсептелген азык-түлүк топтому таркатылып, суммасы 625,0 миң сомду түздү.
Даталуу күндөргө карата: 15-февраль-Ооган ардагерлеринин күнүндө ардагерлерге 16 адамга 60,0 миң сом, Социалдык адилетүүлүк айынын алкагында 500 адамга демөөрчүлөрдөн 1347,5 миң сомдук колдоолор көрсөтүлгөн. Швейцариянын “Бабушка эдопшн” эл аралык кайрымдуулук фондунан Баткен шаары боюнча 5 жалгыз бой карыяга квартал ичинде жалпы 9,25 миң сомдук акчалай колдоо көрсөтүлгөн. Баткен шаары боюнча ДМЧА жалпы саны 1111 адамды түзөт, анын ичинен Социалдык фонд аркылуу пенсия алган ДМЧ жарандар 715 адам, Эмгек, социалдык камсыздоо башкармалыгы аркылуу социалдык жөлөкпул алган ДМЧ жарандар 396 адам. 10 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 10 санаториялык курорттук жолдомолор берилген.
* Экономикалык жактан активдүү калктын саны 11408
* Иштеген калктын саны 2896 адам
* Эсепте турган жумушсуздардын саны 1404 адам
2023-жылдын 01-апрелине карата бөлүмгө катталган жалпы жумушсуздардын саны Баткен шаары боюнча 1404 кишини түзгөн, (бул көрсөткүч өткөн жылдын ушундай эле мезгилине салыштырганда 57 адамга көп), алардын ичинен 946 адам иш менен камсыз кылуу кызматтарында жумуш издөөчү статусуна ээ болгон.
Жалпы жумушсуздуктун деңгээли: Баткен шаары боюнча 12,3% түзөт, (бул көрсөткүч өткөн жылдын ушундай эле мезгилине салыштырганда 0,5%га көп) Иш менен камсыз кылуу кызматтарында квартал ичинде расмий катталган жумушсуздардын саны 24 адамды түзөт, алардын ичинен 13 аялдар, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушундай эле мезгилине салыштырганда 58 адамга аз. Алардын ичинен эмгек жана ишке орноштуруу мыйзамдарынын маселелери боюнча, кесиптик окутуу жана кайра окутуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө, кесипти тандоо боюнча консультацияларды 72 адам алган. Кесипке окутуу жана кайра окутуу: Жумушсуз жарандарды окутуу эн маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Эмгек рыногунда жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн, эмгек рыногунун белгилүү-бир кесиптиктеги жумушчу күчүнүн керектөөлөрүн эске алып, иш менен камсыз кылуу кызматтарынын тарабынан кесиптик окутууга биринчи кварталда окутулган жок. Коомдук акы төлөнүүчү жумуштар: Региондордогу эмгек рыногундагы активдүү чаралардын бири коомдук акы төлөөчү жумуштар болуп эсептелет. Акы төлөнүүчү коомдук иштер, кызматкерлердин алдын ала кесиптик даярдыгын талап кылбаган, социалдык-пайдалуу багытын көздөйт жана негизинен социалдык инфраструктураны жакшыртуу багыты боюнча жүргүзүлөт. Социалдык-маданий турмуштун объектилерин (мектептерди, балдар мекемелерин, маданият мекемелерин) куруу, тарыхый-архитектуралык эстеликтерди, комплекстерди жана корук зоналарын кайра калыбына келтирүү ж.б. 2022-жылдын 1-апрель күнүнө карата убактылуу ишке орноштуруу тартибинде коомдук акы төлөнүүчү убактылуу жумуштарга 31 жумушсуз жаран жөнөтүлүп Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 186,1 миң сом айлык акы төлөнүп берилген. Баткен шаарында жаңы жумуш орундары боюнча алсак квартал ичинде 63 жаңы жумуш орундары түзүлгөн, анын ичинен Республикалык бюджеттин эсебинен 31 жумушсуз жарандар убактылуу иш менен камсыз болгон. Баткен шаар ичиндеги майыптарды караганга шаар боюнча 50 персоналдык ассистенттер убактылуу жумушка кабыл алынып 6268 сомдон 313400 сом акчалай төлөнүп берилген. Социалдык контракт боюнча азыркы күнгө Баткен шаары боюнча төмөнкүдөй жумуштар аткарылган: 50 жарандын активдери алынып ичинен 48 бизнес пландары ишке ашырылып бүгүнкү күнгө бардык катышуучулар жакшы кирешелерге жетишип күнүмдүк жашоолору оңолуп, алдыңкылары айына 25-30 миң сомдон кирешеге жетишишкен.
Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү: 2022-жылдын 1-январына карата Баткен шаарынын аймагындагы Баткен райондук статистика комитетинин маалыматы боюнча 12917 жашы жете элек балдар катталган.
1.Баткен шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн Балдар иштери боюнча комиссиясына 2022-жыл ичинде жана 2023-жылдын январь, февраль айларында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 391 токтому менен бекитилген Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндөгү Жобонун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы №449 сандуу токтому менен бектилген “Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө” типтүү Жобосуна ылайык Башкармалыктын Үй-бүлө жана балдардын укугун коргоо бөлүмү тарабынан 2 маселе сунушталып балдарды коргоо боюнча жеке иштөө планы түзүлүп каттоого алынган.
2. Соттун чечими менен 2023- жылдын I-кварталына ичинде асырап алууга КРнын жарандарына бала берилген жок. Чет элдик жарандар асырап алуу камкордукка жана көзөмөлчүлүкө бала алуу боюнча кайрылган эмес.
3. Камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө – 2 бала соттун чечими менен берилген.
4. Ата-энесинин багуусунан эрте ажыраган (тоголок жетим) балдардын саны 6 бала.
5. Ата энесинин бирөөсүнүн багуусунан ажыраган (жарым жетим) балдардын саны 338 бала.
6. Майыптыгы бар 205 бала каттоодо турат.
7.Баткен шаарынын аймагында багып алуучу (фостердик) үй-бүлө болуу үчүн талапкерлер жана багып алуучу үй-бүлөгө жайгаштырылган балдар жок.
(Шаар аймагында 2 үй-бүлө фостердик үй-бүлө боюнча окуудан өткөрүлүп сертификаттарга ээ болгон. )
8. Баткен шаарынын аймагында 2023-жылдын I-квартал ичинде жашы жете элек балдар зордук зомбулуктун кесепетинен каза болгон балдар катталган эмес.
9. Баткен шаарынын аймагында ден соолугунан майыптыгы бар 3 бала Психологиялык-медициналык педагогикалык комиссия (ПМПК) чечиминин негизинде атайын мугалимдердин жардамы менен үйдө окутулууда жана мектеп курагына жашы жетип бирок ден соолугунан майыптыгы бар 3 бала Медициналык социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) коорутундусунун негизинде мектепте окууга мүмкүнчүлүгү жок балдар каттоого алынган.
10. Балдардын ден-соолугуна, руханий жана адеп-ахлак өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу, балдарга карата укук бузуулардын, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын, кылмыштардын, кырсыктардын алдын алуу боюнча дайыма иш-чаралар жүргүзүлүп, Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери массалык маалымат каражаттар аркылуу: жергиликтүү Баткен облустук медиа борборунан – 4 жолу, радио Салам “Ачык Микрофон” берүүлөрүндө – 5 жолу түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү.
11. Ошондой эле, балдардын ден-соолугуна, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу, балдарга карата укук бузуулардын, үй-бүлөлүк зордук зомбулуктардын, кылмыштардын, кырсыктардын алдын алуу боюнча иш-чаралар дайыма жүргүзүлүп турат, тактап айтканда: шаардык Мэриянын, райондук прокуратуранын, ички иштер бөлүмүнүн, казыят жана социалдык камсыздоо башкармалыгынын өкүлдөрү ушул жылдын февраль айында шаарыбыздын ар бир мектебинде бүтүрүүчү класстардын окуучулары менен жыйындарды өткөрүп, туура жашоо, жакшы тарбияга үгүтөө иштерин жүргүзүштү.
12. Андан сырткары, Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 2023 жылдын 18–январында түзүлгөн графиктин негизинде Баткен шаарынын 6 аймактык башкармалыгында Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери түзүлгөн комиссия мүчөлөрү менен биргеликте миграцияда жүргөн үй-бүлөлөрдү жана алардын балдарын аныктоо жана тактоо максатында үймө-үй кыдыруу жумуштары жүргүзүлүп анда 2023-жылдын февраль айына карата миграцияда жүргөн 217 үй -бүлөнүн 456 баласы аныкталган
Калктын аялуу катмарынын балдары жөнүндө маалымат
№
Маалыматтын аталышы
Баткен шаары
1
Балдардардын жалпы саны
12917
2
ТШО балдар (ИПЗР)
1
3
ТШО үй-бүлөлөр (ПИРС)
0
4
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар
205
5
Камкордуктагы жана көзөмөлдөгү балдар (ички буйрук менен берилген балдар)
0
6
Камкордукка сот чечими менен берилгендер
2
7
Асырап алууга берилген балдардын саны
0
8
Балдар үйүнө жайгаштырылган балдардын саны
0
9
Мектеп окуучулардын саны
7210
10
Окууга тартылбай калган мүмкүнчүлүгү чектелген балдар
2
11
Бала бакчадан тарбияланган балдардын саны
1471
12
Күбөлүгү жок балдардын саны
0
13
Профилактикалык каттодогу балдар
2
14
Ата-энелери миграцияда жүргөндөрдүн балдары
456
15
Фостердик үй-бүлөдө тарбияланган балдардын саны
0
16
Интернат мекемелеринде тарбияланган балдардын саны
1
17
Тоголок жетим балдар
6
18
Жарым жетим балдар
338
19
Инклюзивдик билим берүүнү камтыган билим берүү уюмдарынын саны
1
20
Инклюзивдик билим алган ДМЧ балдар
6
21
Этникалык кыргыздардын балдары
27
Санариптештирүү
Социалдык жардам алуучулардын корпоративдик маалымат системасы (КИССП) жана Эмгек рыногунун маалымат системасы (ИСРТ) ишке киргизилип, маалымат базасы түзүлгөн. Мамлекеттик жөлөкпул, акчалай компенсация, персоналдык ассистент, санаториялык курорттук жолдомо, майыптык креслоколяска алуучулар, турмуш шарты оор үй-бүлөлөр, жумушсуздар маалымат базасына киргизилген. «Түндүк» «Ведомстволор аралык маалымат алмашуу» системасын алкагында Социалдык жардам алуучулардын корпоративдик мааалымат системасына (КИССП га) маалымат алмашуу боюнча кошумча функциялары киргизилип, мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөдө “Түндүк” программасына кошулган мамлекеттик органдардан алынуучу маалымкаттар (Социалдык фонддон, Мамлекеттик каттоо кызматынан, Салык органдарынан, Ветеринария кызматынан, Жумушсуздук статусу жөнүндө ж.б.) талап кылынбай, «Түндүк» «Ведомстволор аралык маалымат алмашуу» системасы аркылуу алынып, мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн талап кылынуучу документтердин саны кыскарып жана коррупциялык тобокелдиктер азайган. Санаториялык курорттук жолдомолорду жана майыптык кресло-коляскаларды берүү боюнча арыздар КИССП га киргизилип, электрондук кезек тартибине өткөрүлгөн. Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан бала асырап алуу процесстерин автоматташтыруу максатында бала асырап алууга талапкерлердин жана асыроого берилүүчү балдардын бирдиктүү базасы түзүлүп, иштеп жатат. Ошондой эле үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу максатында Министрлик тарабынан 117 ыкчам линиясы ишке киргизилген. Жакыр үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорту электрондук форматка өткөрүлүп, жакыр үй-бүлөлөрдүн электрондук социалдык паспорттору түзүлгөн. Жогорудагылардын негизинде чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарында социалдык жактан жардамга муктаж жарандарды ар тараптан колдоо жана тейлөө кызматтары бекитилген кызматтарга ылайык жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Гаиповго тапшырылсын.
Төрага
А.Аширов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 "Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 24.07.2017 · № 449
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2015-жылдын 22-июнундагы № 391 "Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУПостановление · 22.06.2015 · № 391