# Нариман айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-мартындагы № 15/9 "Үй-бүлөөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нариман айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-мартындагы № 15/9 "Үй-бүлөөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 15/9
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/179017>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15035/edition/1285656/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нариман айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-мартындагы № 15/9 "Үй-бүлөөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө" токтому (13.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/179017

---

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын отуруму 2023-жылдын 13-марты №15/9 Үй-бүлөөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө “Үй-бүлөөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы №390 токтомунун негизинде Нариман айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1. Үй- бүлөөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында прафилактикалык иштер алынып барылсын жана үй- бүлөөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү жөнгө салынсын, аларга: укуктук, социалдык, медициналык, психологиялык жардам көрсөтүү уюштурулсун.

2. Нариман айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо бөлүмү Үй- бүлөөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн зомбулук жүрүм турумун өзгөртүү боюнча типтүү оңдоп түзөө программасына карата методикалык сунуштарды белгиленген тартипте иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нариман айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Токтосуновго жүктөлсүн.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы

Х.Ш.Артыкова
