# 7-статья. Пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноолордун жыйынтыктарын экспертизадан өткөрүүнүн принциптери

- Документ: [Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/179)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 25-январы № 12 "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 25.01.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 июля 2023 года № 132 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О химизации и защите растений"](https://aqlex.ai/kg/doc/112614)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/179#diff=1263602..1263603>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/179/edition/1263599/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/179/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө, 7-статья (06.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-7

---

Пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноолордун жыйынтыктарын экспертизадан өткөрүү төмөндөгүдөй принциптерге негизденет: аны өткөрүүнүн милдеттүүлүгүнө; анын жыйынтыгын илимий негиздөөгө; эксперттер өз ыйгарым укуктарын ишке ашырууда көз карандысыздыгына; аны өткөрүүгө акы төлөөгө. Экспертиза өткөрүүнүн мөөнөтү алты айдан ашпоого тийиш. Пестициддер менен (же) агрохимикаттарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө арыз берген жеке же юридикалык жак, ошондой эле иштеп чыгуучулар аларды каттоо боюнча сыноолордун натыйжаларын экспертизадан өткөрүүгө катышууга укуксуз. Пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноолордун жыйынтыктарын экспертизадан өткөрүүнүн корутундусуна сот аркылуу даттанылышы мүмкүн. Пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноолордун жыйынтыктарына экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жана аны уюштуруу пестициддер жана агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноолорду жана мамлекеттик каттоону уюштурууну жүзөгө ашыруучу аткаруучу бийликтин атайын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан аныкталат. (КР 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-8)
