# 5-статья. Пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноо

- Документ: [Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/179)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 25-январы № 12 "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 25.01.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 июля 2023 года № 132 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О химизации и защите растений"](https://aqlex.ai/kg/doc/112614)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.07.2023 [Закон Кыргызской Республики от 6 июля 2023 года № 132 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О химизации и защите растений"](https://aqlex.ai/kg/doc/112614); 16.07.2012 [Закон КР от 16 июля 2012 года № 116 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О химизации и защите растений"](https://aqlex.ai/kg/doc/203716)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/179#diff=1263602..1263603>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/179/edition/1263599/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/179/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө, 5-статья (06.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-5

---

Пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноо аларды колдонуу регламенттерин иштеп чыгуу жана негиздөө үчүн жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн регламенттер пестициддерди жана агрохимикаттарды натыйжалуу колдонууну жана алардын адамдын ден соолугу, айлана-чөйрө үчүн коопсуздугун камсыз кылат. Пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноо жүргүзүүнү өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредиттелген юридикалык жактар жүргүзүшөт. Пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноо төмөнкүлөрдү камтыйт: пестициддер менен агрохимикаттарды колдонуунун натыйжалуулугун аныктоо жана аларды колдонуу регламентин иштеп чыгуу; адамдардын ден соолугуна пестициддер менен агрохимикаттардын терс таасиринин коркунучун баалоо жана гигиеналык ченемдерди, санитардык ченемдер менен эрежелерди иштеп чыгуу; пестициддер менен агрохимикаттарды колдонуу регламенттерин экологиялык жактан баалоо; пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноолордун жыйынтыктарын экспертизадан өткөрүү; Пестициддерди жана (же) агрохимикаттарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө арыз берген жеке же юридикалык жак төмөнкүлөргө милдеттүү: пестициддер менен (же) агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноо жүргүзүү үчүн пестициддер менен агрохимикаттардын үлгүлөрүн акысыз берүүгө; аталган пестициддер жана (же) агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноого акы төлөөгө. (КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 116, 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-6)
