# 21-статья. Өсүмдүк продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн милдеттери

- Документ: [Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/179)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 25-январы № 12 "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 25.01.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 июля 2023 года № 132 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О химизации и защите растений"](https://aqlex.ai/kg/doc/112614)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/179#diff=1263602..1263603>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/179/edition/1263599/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/179/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө, 21-статья (06.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-21

---

Өсүмдүк продукцияларын өндүрүүчүлөр (менчигинин түрүнө карабастан) төмөнкүлөргө милдеттүү: отоо чөптөр, зыянкечтер жана оорулар менен күрөшүү чараларын көрүүгө; өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо боюнча адистердин талабына ылайык жер кыртышын кароого, диагностикалык изилдөөгө жана айыл чарба өсүмдүктөрүн профилактикалык иштетүүдөн өткөрүү үчүн берүүгө, атайын иш чараларды жүргүзүү үчүн шарт түзүүгө; мамлекеттик каттоодон өтпөгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген Пестициддердин жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогуна киргизилбеген пестициддерди жана агрохимикаттарды ташып келбөөгө жана пайдаланууга; өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын көрсөтмөсүн жана пестициддер менен агрохимикаттарды пайдаланууда фитосанитардык жана агрохимиялык эрежелер менен регламенттерди аткарууга; кокустан өсүмдүктөр ооруга массалык түрдө чалдыккан жана өсүмдүк зыянкечтери менен отоо чөптөр массалык түрдө пайда болгон учурда бул тууралу өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө. (КР 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

V глава Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-22)
