# 18-статья. Пестициддер менен агрохимикаттарды колдонуу

- Документ: [Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/179)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 25-январы № 12 "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 25.01.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 июля 2023 года № 132 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О химизации и защите растений"](https://aqlex.ai/kg/doc/112614)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/179#diff=1263602..1263603>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/179/edition/1263599/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/179/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө, 18-статья (06.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-18

---

Пестициддер менен агрохимикаттарды колдонуунун тартиби фитосанитардык, санитардык жана экологиялык абалды, өсүмдүктөрдүн агрохимикаттарды керектөөнүн, жердин (кыртыштын) асылдуулугун эске алуу менен пестициддер менен агрохимикаттарды коопсуз колдонуу жагындагы аткаруучу бийлик органы тарабынан аныкталат. Пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонуунун коопсуздугу аларды колдонуунун адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин болтурбоочу белгиленген регламенттерди жана эрежелерди сактоо менен камсыз кылынат. Пестициддер жана агрохимикаттар атайын техникаларды жана жабдууларды колдонуу менен гана пайдаланылат. Пестициддерди чектеп колдонуу пестициддер жана агрохимикаттарды коопсуз колдонуу жаатындагы аткаруучу бийликтин атайын ыйгарым укуктуу органынын атайын уруксатынын негизинде атайын кесиптик даярдыгы бар жарандар тарабынан ишке ашырылат. (КР 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-19)
