# 17-статья. Пестициддер менен агрохимикаттарды сатуу

- Документ: [Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/179)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 25-январы № 12 "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 25.01.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июня 2003 года № 122 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О химизации и защите растений"](https://aqlex.ai/kg/doc/1247)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/179#diff=1263599..1263600>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/179/edition/1263599/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/179/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө, 17-статья (06.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-17

---

Дүң жана чекене соода жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар мамлекеттик каттоодон өткөн жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген, пестициддер менен агрохимикаттардын мамлекеттик каталогуна киргизилген пестициддер менен агрохимикаттарды сатып алууга жана сатууга укуктуу. Колдонууга чектелген пестициддер атайын кесиптик даярдыгы бар жеке жарандар тарабынан гана сатылат. Пестициддер менен агрохимикаттардан бошогон идиштерди сатууга (кайра сатууга) тыюу салынат. (КР 2003-жылдын 28-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-18)
