# 15-статья. Пестициддер менен агрохимикаттарды Кыргыз Республикасына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынан ташып кетүү

- Документ: [Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/179)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 25-январы № 12 "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 25.01.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 июля 2023 года № 132 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О химизации и защите растений"](https://aqlex.ai/kg/doc/112614)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/179#diff=1263602..1263603>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/179/edition/1263599/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/179/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө, 15-статья (06.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-15

---

Пестициддер менен агрохимикаттарды Кыргыз Республикасына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынан ташып кетүү аларды каттоо боюнча сыноолорду жана мамлекеттик каттоону уюштурууну ишке ашырган аткаруучу бийликтин атайын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, пестицидди жана (же) агрохимикатты мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө күбөлүгү болгондо гана өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте ишке ашырылат. Пестициддер менен агрохимикаттарды сатып алуу-сатуу жана ташуу келишимдеринде каттоо боюнча сыноолорду жана мамлекеттик каттоону уюштурууну ишке ашырган аткаруучу бийликтин атайын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, пестицидди жана (же) агрохимикатты мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө көбөлүгү же Кыргыз Республикасында пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонууга уруксат берилген шарттарда аны колдонууну контролдоочу мекеменин маалымдамасы бар экендиги жөнүндө шарт каралууга тийиш. Пестициддер менен агрохимикаттарды Кыргыз Республикасына ташып келүүнүн жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгуунун тартиби бажы иши жагындагы аткаруучу бийлик органы жана пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноолорду жана мамлекеттик каттоону уюштурууну ишке ашырган аткаруучу бийликтин атайын ыйгарым укуктуу органы тарабынан өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет. Пестициддер менен агрохимикаттарды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. (КР 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-16)
