# 14-статья. Пестициддер менен агрохимикаттарды өндүрүп чыгаруу

- Документ: [Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/179)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 25-январы № 12 "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 25.01.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 июля 2023 года № 132 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О химизации и защите растений"](https://aqlex.ai/kg/doc/112614)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/179#diff=1263602..1263603>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/179/edition/1263599/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/179/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө, 14-статья (06.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-14

---

Даярдоочу төмөндөкүлөргө милдеттүү: пестициддер менен агрохимикаттарды өндүрүүнү ченемдик документацияларга ылайык камсыз кылуу; пестициддер менен агрохимикаттарды керектөөчүлөр, анын ичинде чекене соода үчүн ыңгайлуу өлчөп ороп чыгарууну камсыз кылуу; айыл чарба продукциясында, дары сырьелорунда жана тамак-аш продуктуларында, курчап турган чөйрөдө пестициддер менен агрохимикаттардын санынын аз болушун контролдоо максатында аналитикалык стандарттарды (тесттерди) чыгарууну камсыз кылуу; эгерде пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонуу, ташуу жана сактоо жөнүндө сунуштамаларды аткарууда же пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонуу боюнча чектөөлөр сакталбаганда аларды коопсуз колдонуу мүмкүн болбой калса, пестициддерди жана агрохимикаттарды сатууну токтотуу жана аларды утилизациялоону жүзөгө ашыруу. Мамлекеттик каттоодон өтпөгөн пестициддер менен агрохимикаттарды өндүрүп чыгарууга тыюу салынат. (КР 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-15)
