# 13-статья. Пестициддер жана агрохимикаттарды коопсуз колдонуу жөнүндө маалымат

- Документ: [Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/179)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 25-январы № 12 "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 25.01.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 июля 2023 года № 132 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О химизации и защите растений"](https://aqlex.ai/kg/doc/112614)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/179#diff=1263602..1263603>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/179/edition/1263599/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/179/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө, 13-статья (06.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-13

---

Пестициддер жана агрохимикаттарды коопсуз колдонуу жөнүндө керектөөчүлөрдү маалымат менен камсыз кылуу максатында пестицидди жана (же) агрохимикатты мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө арыз берген жаран же юридикалык жак аларды мамлекеттик каттоо учурунда ташуу, колдонуу жана сактоо, эскертүү белгиси менен идиштеги этикетка жөнүндө сунуштарды берүүнү камсыз кылат. Пестициддер менен агрохимикаттарды ташуу, колдонуу жана сактоо, ал салынган этикетка жөнүндө сунуштарды бекитүүнүн түрүнө жана тартибине талап пестициддер жана агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноо жүргүзүүнү жана мамлекеттик каттоону уюштурууну ишке ашырган атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет. Пестициддер менен агрохимикаттарды сатуу учурунда берүүчү (сатуучу) алар салынган ар бир идишти пестициддер менен агрохимикаттарды ташуу, колдонуу жана сактоо рекомендациялары, этикетка менен камсыз кылууга милдеттүү. Мамлекеттик каттоодон өтпөгөн пестициддер менен агрохимикаттарды рекламалоого тыюу салынат. Пестициддер менен химикаттарды рекламалоодо төмөнкүлөргө жол берилбейт: Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген пестициддер менен агрохимикаттардын мамлекеттик каталогунда белгиленген талаптарга дал келбеген химиялык каражаттарды колдонуунун регламенттерин көрсөтүүгө; Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген пестициддер менен агрохимикаттардын мамлекеттик каталогуна киргизилген пестициддер менен агрохимикаттарга салыштырууга болбой турган химия каражаттарын рекламалоого; "коопсуз", "зыянсыз", "залалы жок", "ууландырбаган", "экологиялык жактан коопсуз" деген жана башка ушул сыяктуу түшүнүктөрдү колдонууга; пестициддер менен агрохимикаттарды колдонуу практикасында коркунучтуу экендиги тууралу тексттик, көрүү жана үн колдонуу маалыматтарына. (КР 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/179/st-14)
