# Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 4-августу № 10 “2023-жылдын 1-январынан тартып Кара-Балта шаарында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 4-августу № 10 “2023-жылдын 1-январынан тартып Кара-Балта шаарында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2023
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178943>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14968/edition/1285158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/178943.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 4-августу № 10 “2023-жылдын 1-январынан тартып Кара-Балта шаарында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө” токтому (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178943

---

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 4-августу № 10 “2023-жылдын 1-январынан тартып Кара-Балта шаарында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесинин 5-бөлүгүнө жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” 37-беренесинин 3-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 39-беренесине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: Кара-Балта шаарынын аймагындагы мүлк салыгы 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин. Токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн салык Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык администрациялансын. Кара-Балта шаардык кеңешинин 2015-жылдын 24-февралындагы № 3 “Кара-Балта шаарынын аймагында жер мүлкүн жана мүлккө салыкты иш жүзүнө ашыруу жөнүндө” токтому жана Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы № 02 «Кара-Балта шаарынын аймагында 1, 2, 3-топтогу мүлккө салыкты киргизүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын. Ушул Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын. Токтом нормативдик укуктук актыларынын бирдиктүү мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Чуй – Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, Жайыл райондук мамлекеттик салык кызматына жана Кара – Балта шаарынын мэри – М.Р.Джекшеновго жүктөлсүн. Таркатылсын: көктөмөгө, ЖР МСК, Кара-Балта шаарынын мэриясына, Кыргыз Республикасынын Чуй – Бишкек юстиция башкармалыгына

Кеңештин төрагасы

М. Дуйшеналиев
