# Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 23-октябрындагы № 2-ЧУА "Бишкек шаарынын мэриясында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 23-октябрындагы № 2-ЧУА "Бишкек шаарынын мэриясында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2-НПА
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178941>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/178941/edition/1284668/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/178941.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 23-октябрындагы № 2-ЧУА "Бишкек шаарынын мэриясында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому (23.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178941

---

БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ ТОКТОМ 2023-жылдын 23-октябры № 2-ЧУА Бишкек шаарынын мэриясында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө Коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу» токтомуна ылайык токтом кылам:

1. Бишкек шаарынын мэриясында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги (мындан ары - Тизмек) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын жетекчилери, борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн башчылары ушул Тизмекке ылайык төмөндөгү иш-аракеттерди туруктуу негизде жүзөгө ашырышсын:

- орун алган коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча;

- иш-аракеттери коррупциялык тобокелдикке кабылган функциялар менен байланышкан кызматкерлердин коррупцияга каршы укуктук аң-сезимин жогорулатуу боюнча.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мэр Э.М. Абдыкадыров
