Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек шаарынын мэриясында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ ТОКТОМ 2023-жылдын 23-октябры № 2-ЧУА Бишкек шаарынын мэриясында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө Коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу» токтомуна ылайык токтом кылам:
1. Бишкек шаарынын мэриясында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги (мындан ары - Тизмек) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын жетекчилери, борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн башчылары ушул Тизмекке ылайык төмөндөгү иш-аракеттерди туруктуу негизде жүзөгө ашырышсын:
- орун алган коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча;
- иш-аракеттери коррупциялык тобокелдикке кабылган функциялар менен байланышкан кызматкерлердин коррупцияга каршы укуктук аң-сезимин жогорулатуу боюнча.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Мэр Э.М. Абдыкадыров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке…Постановление · 31.05.2023 · № 293
- Бишкек шаарынын мэриясында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги (Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 23-октябрындагы №2-ЧУА токтомуна…Перечень · 23.10.2023 · № 2-НПА