# Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 9-августундагы № 121 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы "Айыл чарба багытындагы жерлери"категориясынан, "Калктуу конуштун жерлери" категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 9-августундагы № 121 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы "Айыл чарба багытындагы жерлери"категориясынан, "Калктуу конуштун жерлери" категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178937>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14964/edition/1284626/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 9-августундагы № 121 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы "Айыл чарба багытындагы жерлери"категориясынан, "Калктуу конуштун жерлери" категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө" токтому (09.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178937

---

АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы 2022-жылдын 9-августу №121 Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Айыл чарба багытындагы жерлери”категориясынан, “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-мартындагы №21, 2017-жылдын 01-июлундагы №95-мыйзамына ылайык, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Капчыгай айылына коомдук муктаждыктар үчүн,социалдык объектилерди куруугаАЖМФнун эсебиндеги №51-контурундагы 1,0га жер аянтын“Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которуу (трансформациялоого) үчүн Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Сай айылдык кеңешинин Vчакырылышынын кезектегиXXVI сессиясытоктом кылат:

1. Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү Капчыгай айылындагы АЖМФнун эсебиндеги №51-контурундагы 1,0га жер тилкесине социалдык объктилерди куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары:

Каракашов И.
