# Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 25-апрелиндеги № 115 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылынын Кактын-Сайы участкасынан, Сурма-Кен ишканасына убактылуу пайдалануу үчүн 20,0га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 25-апрелиндеги № 115 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылынын Кактын-Сайы участкасынан, Сурма-Кен ишканасына убактылуу пайдалануу үчүн 20,0га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 115
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178930>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14958/edition/1284610/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 25-апрелиндеги № 115 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылынын Кактын-Сайы участкасынан, Сурма-Кен ишканасына убактылуу пайдалануу үчүн 20,0га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө" токтому (25.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178930

---

АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы 2022-жылдын 25-апрели №115 Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылынын Кактын-Сайы участкасынан, Сурма-Кен ишканасына убактылуу пайдалануу үчүн 20,0га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июнундагы №67, 2009-жылдын 26-январындагы №29-,2009-жылдын 11-мартындагы №79-мыйзамынын редакциясына ылайык,КРнын жер кодексинин 13-беренесине ылайык, Баткен Райронунун мамлекеттик адмнистрациясынын 22.04.2022-жылдагы №18т сандуу буйругун ишке ашыруу жана калкты жумуш менен камсыз кылуу максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы токтом кылат:

1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-сай айылынын Кактын-Сайы участкасынынн №1030-контурундагы 20,0га жер аянты Сурма-Кен ишканасына 10(он)жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.

Айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Талиев
