# Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 25-апрелиндеги № 113 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылына балдар аянтчасын куруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 25-апрелиндеги № 113 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылына балдар аянтчасын куруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/178928>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14956/edition/1284608/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 25-апрелиндеги № 113 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылына балдар аянтчасын куруу жөнүндө" токтому (25.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/178928

---

АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы 2022-жылдын 25-апрели №113 Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылына балдар аянтчасын куруу жөнүндө Кыргыз республикасынын 2005-жылдын 4-июнундагы №67, 2009-жылдын 26-январындагы №29, 2009-жылдын 11-мартындагы №79-мыйзамынын редакциясына ылайык КРнын Жер кодексинин 13-беренесине ылайык, CASSA-1000 долбоорунун алкагында Капчыгай айылына балдар аянтчасын куруп берүүсүнө шарт түзүп берүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы токтом кылат:

1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айыл өкмөтүнүн имаратынын аймагынан 600м2 жана “Жакшылык” балдар бакчасынын имаратынын аймагынын 200м2, жалпы 800м2 жер аянтына CASSA-1000 долбоорунун алкагында балдар аянтчасын курууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.

Айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Талиев
